# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим жана илимий тейлөө жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим жана илимий тейлөө жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13611>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2814/edition/945316/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13611.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим жана илимий тейлөө жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (23.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13611

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 23-апрели № 192 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим жана илимий тейлөө жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын тартипке келтирүү жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналары, 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөктүн өлчөмдөрү, 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына үстөктөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөктөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен белгиленет.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине:

- календардык жылдын аягында - эмгек акынын орточо айлык фондусунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;

- эмгек өргүүсүнө чыккан учурда - ден соолукту чыңдоо үчүн эмгек акынын эки айлык фондусунун өлчөмүндө жөлөкпул төлөнө тургандыгы белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 432 "Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-августундагы № 485 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ

№

Кызмат орундарынын аталышы

Кызматтык маяна (сом менен)

1

Президент

20800

2

Вице-президент

15600

3

Башкы окумуштуу катчы

15600

4

Иш башкаруучу

13000

5

Финансы-экономикалык маселелер боюнча башкармалыктын начальниги

12675

6

Кеңешчи

11115

7

Президенттин окумуштуу катчысы

10530

8

Бөлүмдүн начальниги

10530

9

Бөлүмдүн окумуштуу катчысы

8190

10

Башкы адис

8190

11

Жетектөөчү адис

7605

12

1-категориядагы адис

7020

13

Адис

6435

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ

№

Кызмат орундарынын аталышы

Кызматтык маяна (сом менен)

1. Илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналары

1

Түштүк бөлүмүнүн төрагасы

15600

2

Директор

12090

3

Директордун орун басары

11050

4

Окумуштуу катчы

10660

5

Лаборатория башчысы, бөлүм башчы

10140

6

Башкы илимий кызматкер

9620

7

Сейсмикалык станциянын бөлүмүнүн начальниги

9490

8

Жетектөөчү илимий кызматкер

9360

9

Башкы геофизик

9100

10

Улук илимий кызматкер

9100

11

Илимий кызматкер

8450

12

Кенже илимий кызматкер

7670

13

Башкы бухгалтер

8450

14

Улук бухгалтер

8060

15

Бухгалтер

7150

16

Башкы экономист

8450

17

Экономист

7800

18

Улук редактор, улук корректор

7800

19

Техникалык редактор

6630

20

Корректор

6630

21

Башкы инженер

8450

22

Жетектөөчү инженер

7800

23

1-категориядагы инженер

6890

24

2-категориядагы инженер

6630

25

Инженер

6500

26

Кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору

7800

27

Кадрлар боюнча инспектор

7150

28

Техникалык жетекчи

7670

29

Механик

5720

30

Улук лаборант

6500

31

Сейсмикалык станциянын улук лаборанты

6630

32

Лаборант

5850

33

Техник

5200

34

1-категориядагы техник

6110

35

2-категориядагы техник

5720

36

Агроном

6500

37

Агротехник

5720

38

Ветеринардык дарыгер

5200

39

Чарба башчысы

5720

40

Сейсмикалык станциянын китепканачысы

6630

41

Токойчу

5200

2. Борбордук илимий китепкана

42

Директор

12090

43

Директордун орун басары

11050

44

Бөлүм башчы

8450

45

Окумуштуу катчы

10660

46

Филиал башчысы

7670

47

Лаборатория башчысы

8450

48

Башкы китепканачы, библиограф

7670

49

1-категориядагы китепканачы

7280

50

Китепканачы

6630

51

Илимий кызматкер

8450

52

Инженер-программист

7670

53

Реставратор

5980

3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун борбордук аппаратынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча акынын ӨЛЧӨМДӨРҮ

Иш стажы

Иштеген жылдары үчүн пайыздык ставка

1 жылдан 3 жылга чейин

5

3 жылдан 5 жылга чейин

10

5 жылдан 10 жылга чейин

15

10 жылдан 15 жылга чейин

20

15 жылдан 20 жылга чейин

25

20 жылдан 25 жылга чейин

30

25 жылдан ашык

40
