Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Крупская атындагы айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин «Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө» токтому
КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Крупская атындагы айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышы
2022-жылдын 15-марты № 3/11
Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12 бер. 1 б. жетекчилике алып, Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча байкармалыгынын 2021жылдын 24 январындагы №05-22Д Архитектуралык-техникалы корутундусунун жана айыл чарба, жер жана өнөр жай маселелери, кыймылсыз мүлк жана транспорт мыйзамдары боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2022жылдын 15-мартындагы №2 протоколунун негизинде, Крупская атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Т.Уметалиевдин, Сокулук айылындагы Калинина №57 көчөсүндөгү короо жай алдындагы жер тилкесинин максаттык багытын дүкөн курууга өзгөртүү жөнүндө жеке менчик ээси Ч. Момоткожоевдин арызы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXVIII-чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сокулук айылындагы Калинина №57 көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 1007,0кв.м. “короо жай алдындагы, калктуу конуштар жер тилкесинен”, 82,42кв.м. жер тилкесин дүкөн курууга максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берет.
2. Жеке менчик ээси Ч.Момоткожоев тарабынан санитардык-экологиялык, архитектуралык-техникалык, өрт өчүрүүчү жана коопсуздук нормалар сакталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Крупская атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Т.Уметалиевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
М.Р. Акчалов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон