# Крупская атындагы айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин 2022-жылдын 15-мартындагы № 3/9 "Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Крупская атындагы айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин 2022-жылдын 15-мартындагы № 3/9 "Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3/9
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/136099>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12154/edition/1209272/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/136099.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Крупская атындагы айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин 2022-жылдын 15-мартындагы № 3/9 "Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө" токтому (15.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/136099

---

КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Крупская атындагы айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышы

2022-жылдын 15-марты № 3/9 Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12 бер. 1 б. жетекчилике алып, Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча байкармалыгынын 2021жылдын 24-январындагы №05-22Д Архитектуралык-техникалы корутундусунун жана айыл чарба, жер жана өнөр жай маселелери, кыймылсыз мүлк жана транспорт мыйзамдары боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2022жылдын 15-мартындагы №2 протоколунун негизинде, Крупская атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Т.Уметалиевдин, Сокулук айылындагы Больничная №5 көчөсүндөгү короо жай алдындагы жер тилкесинин максаттык багытын медициналик борбор курууга өзгөртүү жөнүндө жеке менчик ээси Н.М. Апсаматованын арызы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXVIII-чакырылышы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Сокулук айылындагы Больничная №5 көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 834,5,0кв.м. “короо жай алдындагы, калктуу конуштар жер тилкесинен”медициналык борбор курууга максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берет.

2. Жеке менчик ээси Н.М. Апсаматова тарабынан санитардык-экологиялык, архитектуралык-техникалык, өрт өчүрүүчү жана коопсуздук нормалар сакталсын.

3. Медициналык борбор тарабынан, Крупская атындагы айыл аймагынын тургундарына медициналик тейлөөдө 50% жеңилдетүү берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Крупская атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Т.Уметалиевге жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

М.Р. Акчалов
