# Крупская атындагы айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин 2022-жылдын 15-мартындагы № 3/8 "Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Крупская атындагы айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин 2022-жылдын 15-мартындагы № 3/8 "Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3/8
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/136098>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12153/edition/1209276/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/136098.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Крупская атындагы айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин 2022-жылдын 15-мартындагы № 3/8 "Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө" токтому (15.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/136098

---

КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Крупская атындагы айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышы

2022-жылдын 15-марты № 3/8

Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12 бер. 1 б. жетекчилике алып, айыл чарба, жер жана өнөр жай маселелери, кыймылсыз мүлк жана транспорт мыйзамдары боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2022жылдын 15-мартындагы №2 протоколунун негизинде, Крупская атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Т.Уметалиевдин, Сокулук айылындагы МТФ №2 дарегиндеги силос сактоочу ороонун максаттык багытын кошар жер тилкесине өзгөртүү боюнча жеке менчик ээси К. Абдрахмановдун арызы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXVIII-чакырылышы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Сокулук айылындагы МТФ №2 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 6300,0 кв.м. силос сактоочу ороонун максаттык багытын кошар жер тилкесине өзгөртүүгө макулдук берет.

2. Жеке менчик ээси К. Абдрахманов тарабынан санитардык-экологиялык, архитектуралык-техникалык, өрт өчүрүүчү жана коопсуздук нормалар сакталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышына жооптуу жана көзөмөлдөө Крупская атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Т.Уметалиевге жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

М.Р. Акчалов
