Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Крупская атындагы айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин «Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө» токтому
КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Крупская атындагы айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышы
2022-жылдын 15-марты № 3/8
Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12 бер. 1 б. жетекчилике алып, айыл чарба, жер жана өнөр жай маселелери, кыймылсыз мүлк жана транспорт мыйзамдары боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2022жылдын 15-мартындагы №2 протоколунун негизинде, Крупская атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Т.Уметалиевдин, Сокулук айылындагы МТФ №2 дарегиндеги силос сактоочу ороонун максаттык багытын кошар жер тилкесине өзгөртүү боюнча жеке менчик ээси К. Абдрахмановдун арызы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXVIII-чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сокулук айылындагы МТФ №2 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 6300,0 кв.м. силос сактоочу ороонун максаттык багытын кошар жер тилкесине өзгөртүүгө макулдук берет.
2. Жеке менчик ээси К. Абдрахманов тарабынан санитардык-экологиялык, архитектуралык-техникалык, өрт өчүрүүчү жана коопсуздук нормалар сакталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына жооптуу жана көзөмөлдөө Крупская атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Т.Уметалиевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
М.Р. Акчалов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон