# Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы № 81/18-5 "Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы №287/37-4 “Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин жамааттык келишимин бекитүү жөнүндө” жана 2020-жылдын 29-декабрындагы №300/38-4 «Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жамааттык келишимин бекитүү жөнүндө» токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы № 81/18-5 "Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы №287/37-4 “Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин жамааттык келишимин бекитүү жөнүндө” жана 2020-жылдын 29-декабрындагы №300/38-4 «Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жамааттык келишимин бекитүү жөнүндө» токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 81/18-5
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/136040>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12096/edition/1204802/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/136040.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы № 81/18-5 "Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы №287/37-4 “Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин жамааттык келишимин бекитүү жөнүндө” жана 2020-жылдын 29-декабрындагы №300/38-4 «Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жамааттык келишимин бекитүү жөнүндө» токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому (03.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/136040

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVIII СЕССИЯСЫ

2022-жылдын 3-ноябры № 81/18-5

Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы №287/37-4 “Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин жамааттык келишимин бекитүү жөнүндө” жана 2020-жылдын 29-декабрындагы №300/38-4 «Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жамааттык келишимин бекитүү жөнүндө» токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 27-октябрындагы №1-22/2235 жана 2022-жылдын 01-ноябрындагы №1-22/2270 каттарын карап, Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы жана 02-ноябрындагы экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколдорунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы №287/37-4 “Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин жамааттык келишимин бекитүү жөнүндө” жана 2020-жылдын 29-декабрындагы №300/38-4 «Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жамааттык келишимин бекитүү жөнүндө» токтомдору жокко чыгарылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.М. Сансызбаев
