# Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы № 80/18-5 “Токмок Тазалык” муниципалдык ишканасына гараж куруу үчүн акча каражатын бѳлүп берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы № 80/18-5 “Токмок Тазалык” муниципалдык ишканасына гараж куруу үчүн акча каражатын бѳлүп берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 80/18-5
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/136039>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12095/edition/1202908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/136039.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы № 80/18-5 “Токмок Тазалык” муниципалдык ишканасына гараж куруу үчүн акча каражатын бѳлүп берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ токтому (03.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/136039

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVIII СЕССИЯСЫ

2022-жылдын 3-ноябры № 80/18-5

“Токмок Тазалык” муниципалдык ишканасына гараж куруу үчүн акча каражатын бѳлүп берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 27-октябрындагы №1-22/2224 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2022-жылдын 27-октябрындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78, 115-беренелерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу “Токмок Тазалык” муниципалдык ишканасына гараж куруу үчүн Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесинен, “Каржылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” 2511 беренесине 651480,0 (Алты жүз элүү бир миң төрт жүз сексен) сом суммасындагы акча каражатын жылдырууга жана бѳлүп берүүгѳ макулдук берилсин.

2. “Токмок Тазалык” муниципалдык ишканасы 651480,0 (Алты жүз элүү бир миң төрт жүз сексен) сом суммасындагы бөлүнгөн каражатты Токмок шаарынынын жергиликтүү бюджетине каржылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар берилген төлөм графигине ылайык кайтарсын.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.) тарабынан ушул токтомдун 1 пунктуна ылайык тиешелүү ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин жана чыгымдоо жүргүзүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.М. Сансызбаев
