# Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы № 79/18-5 "Токмок шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маянасына 30,0 пайыз өлчөмдөгү үстөк акынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы № 79/18-5 "Токмок шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маянасына 30,0 пайыз өлчөмдөгү үстөк акынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 79/18-5
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/136038>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12094/edition/1202838/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/136038.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы № 79/18-5 "Токмок шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маянасына 30,0 пайыз өлчөмдөгү үстөк акынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому (30.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/136038

---

Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январы №176/31-5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVIII СЕССИЯСЫ

2022-жылдын 3-ноябры № 79/18-5

Токмок шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маянасына 30,0 пайыз өлчөмдөгү үстөк акынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 25-октябрындагы №1-22/2197 кайрылусун карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 27-октябрындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маянасына 30,0 пайыз өлчөмдөгү үстөк акынын өлчөмү бекитилсин.

2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.М. Сансызбаев
