# Теплоключенка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-ноябрындагы № 11 "Айылдык кеңештин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Теплоключенка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-ноябрындагы № 11 "Айылдык кеңештин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 10.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/135998>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12059/edition/1202352/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Теплоключенка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 10-ноябрындагы № 11 "Айылдык кеңештин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (10.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/135998

---

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2021-жылдын 10-ноябры № 11 Айылдык кеңештин регламентине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августу № 115 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана 2019-жылдын 8-августу № 118 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, айылдык кеңештин депутаттык этика, мыйзамдуулук, мандат, дин маселелери, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 18-октябрындагы отурумунун №2 протоколунун негизинде айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Теплоключенка айылдык кеңешинин регламентине сунушталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен бекитилсин.

2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын

Айылдык кеңештин төрагасы

А.И.Алмабеков
