# Ала-Бука айылдык кеңешинин 2021-жылдын 21-январындагы № 1/12 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна башкы пландын негизинде курулуш жүргүзүүгө жана жерди пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2021-жылдын 21-январындагы № 1/12 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна башкы пландын негизинде курулуш жүргүзүүгө жана жерди пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1/12
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/135955>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-12016/edition/1202180/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2021-жылдын 21-январындагы № 1/12 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна башкы пландын негизинде курулуш жүргүзүүгө жана жерди пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (21.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/135955

---

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2021-жылдын 21-январы № 1/12 Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна башкы пландын негизинде курулуш жүргүзүүгө жана жерди пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө Ала-Бука айылдык кеңеши, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адисинин “Кош-Көпүрө участкасындагы жер аянтына Ала-Бука айылынын башкы планынын негизинде көп кабаттуу үй курууга макулдук берүү жөнүндөгү” - сунушун угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жөнүндө Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №46 мыйзамы менен күчүнө кирген Кодекстин 1-статьясынын 2-2 пунктарын жетекчиликке алып, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:

1. Кош-Көпүрө участкасындагы 11,30 га жер аянтына Ала-Бука айылынын башкы планынын негизинде көп кабаттуу үй курууга макулдук берилсин.

2. Макулдук берилиген келечектеги көп кабаттуу турак жай курулушуна инвесторлорду тартуу жана жергиликтүү ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин;

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин өндүрүш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.
