# Төөлөс айылдык кеңешинин 2020-жылдын 25-декабрындагы № 42-1 "Айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдардын аралыгында социалдык-экономикалык программасын ишке ашыруу боюнча аракеттер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Төөлөс айылдык кеңешинин 2020-жылдын 25-декабрындагы № 42-1 "Айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдардын аралыгында социалдык-экономикалык программасын ишке ашыруу боюнча аракеттер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 42-1
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/135843>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11914/edition/1201480/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Төөлөс айылдык кеңешинин 2020-жылдын 25-декабрындагы № 42-1 "Айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдардын аралыгында социалдык-экономикалык программасын ишке ашыруу боюнча аракеттер жөнүндө" токтому (25.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/135843

---

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги кырк экинчи сессиясы 2020-жылдын 25-декабры № 42-1 Айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдардын аралыгында социалдык-экономикалык программасын ишке ашыруу боюнча аракеттер жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдардын аралыгында социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (СЭӨП) бекитилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдардын аралыгында социалдык-экономикалык өнүгүү программасын (СЭӨП) ишке ашырууну жетекчилике алуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Тешебаевага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеёештин «Экономикалык, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы:

М.Абдырахманов.
