# КР 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 181 "Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 181 "Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13583>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2803/edition/945342/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13583.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 181 "Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (18.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13583

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 18-апрели № 181 Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июнундагы № 345 "Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июнундагы № 345 "Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
