# КР 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 180 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туусу жана символика белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 180 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туусу жана символика белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13579>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2802/edition/945340/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13579.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 180 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туусу жана символика белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (18.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13579

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 18-апрели № 180 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туусу жана символика белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туусу жана символика белгиси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туусун жана символика белгисин даярдоого байланышкан чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылаары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-октябрындагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу'" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
