# Жылалды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 18-августундагы № 12 "2021-жылдын 8-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жылалды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 18-августундагы № 12 "2021-жылдын 8-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/135644>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11727/edition/1200502/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жылалды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 18-августундагы № 12 "2021-жылдын 8-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштери жөнүндө" токтому (18.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/135644

---

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясы 2021-жылдын 18-августу № 12 2021-жылдын 8-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштери жөнүндө Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү III сессиясынын күн тартибиндеги айыл башчылар А.Сарыковдун, Марат уулу Ибрагимдин, Ж.Баргыбаевдин, С.Боржуеванын 2021-жылдын 8-айына карата айылдар арсында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы, аткарылып жаткан иштери боюнча 09.08.2021-жылдагы маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1999-жылдын 25-марты №33 ичүүчү суу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 29-сентябрындагы №81, 2003-жылдын 28-июнундагы №118, 2009-жылдын 20-июлундагы №240, 2011-жылдын 12-ноябрындагы №206, 2012-жылдын 10-октябрындагы №170, 2014-жылдын 18-июлундагы №144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) III бөлүмдүн ичүүчү суунун сапатын камсыз кылуу жана ага контролдук жүргүзүү боюнча 14-статьясынын негизинде, 2021-жылдын

8-айына карата, айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдар арасында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарып жаткан иштери боюнча А.Сарыковдун, Марат уулу Ибрагимдин, Ж.Баргыбаевдин, С.Боржуеванын маалыматтары канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:

М.Акназаров
