# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 "Кыргыз Республикасында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 "Кыргыз Республикасында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13559>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/13559/edition/943578/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13559.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 "Кыргыз Республикасында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13559

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 16-апрели № 175 Кыргыз Республикасында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-февралындагы № 49 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгектенүү тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-февралындагы № 49 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-февралындагы № 49 токтомунун редакциясына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык 2026-жылдын 31-декабрына чейин берилген токтомдун 1-пунктунун колдонуусу токтолду.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы № 639 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | | М.Абылгазиев |
