# Корул айылдык кеңешинин 2021-жылдын 23-мартындагы № 47/9 "Тогуз-Булак айылынын тургуну Жакыпов Болуштун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык кеңешинин 2021-жылдын 23-мартындагы № 47/9 "Тогуз-Булак айылынын тургуну Жакыпов Болуштун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 47/9
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/135585>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11675/edition/1199557/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кеңешинин 2021-жылдын 23-мартындагы № 47/9 "Тогуз-Булак айылынын тургуну Жакыпов Болуштун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому (23.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/135585

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 47-отуруму 2021-жылдын 23-марты № 47/9 Тогуз-Булак айылынын тургуну Жакыпов Болуштун суроо талабын канааттандыруу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, Тогуз-Булак айылынын тургуну Жакыпов Болуштун көрктөндүрүү үчүн алган 0,45га жер аянтынын мөөнөтүн узартып берүү жөнүндө Корул айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тогуз-Булак айылынын тургуну Жакыпов Болуштун көрктөндүрүү үчүн алган 0,45га жер аянтынын мөөнөтү 7 (жети) жылга узартылсын. Көрктөндүрүлгөн бак-дарактын тең жарымына айыл өкмөтү ээлик кылат.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.

Корул айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.Маназаров
