# Корул айылдык кеңешинин 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 43/5 "Тогуз-Булак айылынын тургундары Абдумалик уулу Кадырбектин жана Абдумалик уулу Актилектин суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык кеңешинин 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 43/5 "Тогуз-Булак айылынын тургундары Абдумалик уулу Кадырбектин жана Абдумалик уулу Актилектин суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 43/5
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/135565>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11655/edition/1199507/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кеңешинин 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 43/5 "Тогуз-Булак айылынын тургундары Абдумалик уулу Кадырбектин жана Абдумалик уулу Актилектин суроо талабын канааттандыруу жөнүндө" токтому (20.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/135565

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 43-отуруму 2020-жылдын 20-ноябры № 43/5 Тогуз-Булак айылынын тургундары Абдумалик уулу Кадырбектин жана Абдумалик уулу Актилектин суроо талабын канааттандыруу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 16-ноябрындагы №213 мыйзамынын 13-бөлүгүнүн 77-беренесинин 7-пунктуна таянып, Тогуз-Булак айылынын тургуну Абдумалик уулу Кадырбектин жана Абдумалик уулу Актилектин көрктөндүрүү үчүн жер аянтын чектеп берүү жөнүндө Корул айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тогуз-Булак айылынын тургуну Абдумалик уулу Кадырбекке сайдын тескей тарабынан 5 жылдык мөөнөткө көрктөндүрүү үчүн 1,0 га жер аянты жана Абдумалик уулу Актилекке сайдын боюунан тамарка жерине туташ жерден 5 жылдык мөөнөткө көрктөндүрүү үчүн 0,08 га жер аянты чектелип берилсин. Эгер эки жыл ичинде өздөштүрүлүп, көрктөндүрүлбөсө чектелип берилген жерди алып коюу жагы каралсын. Көрктөндүрүлгөн бак-дарактын тең жарымына айыл өкмөтү ээлик кылат.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Ысаковго милдеттендирилсин.

Корул айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.Маназаров
