# Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 24-3 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 24-3 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24-3
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/135499>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11589/edition/1198985/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 24-3 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө" токтому (06.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/135499

---

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы 2021-жылдын 6-апрели № 24-3 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндө Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы № 309 жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкауу жөнүндөгү” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык КР ЖӨБ Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендиктен токтом кылат:

1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңеши жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, КР ЖӨБ Союзунун Уставында белгилеген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш аракеттер жүргүзүлсүн.

2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар бир милдеттерин камтыган келишимди иштеп чыгып, келишим түзүү тапшырылсын.

3. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик актылардын негизинде КР ЖӨБ Союзунун мүчөсү катары анын Уставынын 3.7. пунктуна ылайык ар бир жылдын биринчи кварталында айыл аймактын калкаынын санына карап ар бир жашоочуга 1 сомдон кем эмес өлчөмдөгү мүчөлүк акын жергиликтүү бюджеттин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсебине которуп берүүгө уруксат берилсин.

4. Бул токтомду аткаруу айыл өкүмөтүнө тапшырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы:

Д.Сатвалдиев
