# Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 15 "Сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 15 "Сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/135456>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11552/edition/1198772/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 15 "Сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө" токтому (17.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/135456

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы 2022-жылдын 17-февралы № 15 Сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2017-жылдын 28-июлу №157, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 19-августундагы № 285 буйругу менен бекитилген “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүнүн жана аларды тапшыруунун тартиби жөнүндө” нускамасынын талаптарына ылайык, Ак-Татыр айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясынын жүрүшүндү Үсөнов Абдикаримдин айылыбыздын эки атуулун “Ардактуу атуулу” наамы сыйлыгына сунушун депутаттар угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы токтом кылат:

1. Ак-Татыр айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Рават айылынын тургуну Иметов Максатбек Усарбаевич жана Эшмурзаев Канибек Таирович “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүлсүн.

2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңештин маданий маселелер, инвестиция тартуу, коомдук уюмдар менен иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар жана спорт иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

Ибраим уулу Т.
