# Жекенди айылдык кеңешинин 2021-жылдын 31-майындагы № 6 "Жекенди айыл аймагында айыл чарба жерлеринин жер салыгынын базалык ставкасын жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жекенди айылдык кеңешинин 2021-жылдын 31-майындагы № 6 "Жекенди айыл аймагында айыл чарба жерлеринин жер салыгынын базалык ставкасын жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/135386>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11484/edition/1198218/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жекенди айылдык кеңешинин 2021-жылдын 31-майындагы № 6 "Жекенди айыл аймагында айыл чарба жерлеринин жер салыгынын базалык ставкасын жогорулатуу жөнүндө" токтому (31.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/135386

---

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы заседаниеси 2021-жылдын 31-майы № 6 Жекенди айыл аймагында айыл чарба жерлеринин жер салыгынын базалык ставкасын жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 16-мартындагы № 51 2014-жылдын 31-декабрь № 182, 2016-жылдын 12-августундагы № 167 Мыйзамдардын редакцияларынын Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренесинин айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларынын 6-пункутуна ылайык

Жекенди айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жекенди айылдык аймагынын айыл чарба багытындагы жер салыгын айыл чарбасынын жерлерин пайдалангандыгы үчүн базалык ставкасы 2021-жылга 1 га жерге 183 сом болуп өзгөртүлбөй калтырылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Эшовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Мурзапар уулу тапшырылсын.

Төрагасы

А.Абдукалилов
