# Сарай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 8-сентябрындагы № 3 "Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон тургундарына кышка карата көмүрдүн ордуна акчалай түрдө материалдык жардам берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сарай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 8-сентябрындагы № 3 "Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон тургундарына кышка карата көмүрдүн ордуна акчалай түрдө материалдык жардам берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 08.09.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/135271>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11380/edition/1196738/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сарай айылдык кеңешинин 2016-жылдын 8-сентябрындагы № 3 "Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон тургундарына кышка карата көмүрдүн ордуна акчалай түрдө материалдык жардам берүү жөнүндө" токтому (08.09.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/135271

---

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XXX сессиясы 2016-жылдын 8-сентябры № 3 Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон тургундарына кышка карата көмүрдүн ордуна акчалай түрдө материалдык жардам берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамынын 2003-жылдын 12-апрелинин №71, 2005-жылдын 22-июнундагы №111, 2008-жылдын 28-июлундагы №177, 2013-жылдын 23-апрелиндеги №56-редакциясынын негизинде Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы З.Ж.Тургунбаевдин сунушун карап чыгып Сарай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон тургундарына кышка карата көмүрдүн ордуна акчалай түрдө материалдык жардам берилсин.

2. Мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Сарай айылдык кеңешинин төрагасы

А.Салимов.
