# Ново-Покровка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 29-сентябрындагы № 20/V-28 "Бала бакчанын имаратын баланска алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ново-Покровка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 29-сентябрындагы № 20/V-28 "Бала бакчанын имаратын баланска алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20/V-28
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/135097>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/135097/edition/1195710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/135097.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ново-Покровка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 29-сентябрындагы № 20/V-28 "Бала бакчанын имаратын баланска алуу жөнүндө" токтому (29.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/135097

---

НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2021-жылдын 29-сентябры № 20/V-28 Бала бакчанын имаратын баланска алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18,31-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республмкасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-п.ылайык, Ново-Покровка айыл аймагынын башчысынын бала бакчанын имаратын жанындагы жер тилкеси менен баланска алуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ново-Покровка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ново-Покровка айылы Ленин көчөсү № 479 дарегинде жайгашкан бала бакчанын имараты жалпы аянты 5222,74 ч.м. жер тилкеси менен муниципалдык менчикке алынып, Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн балансына коюлушуна макулдук берилсин.

2. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Мамыркуловго:

- Ново-Покровка айылы Ленин көчөсү № 479 дарегинде жайгашкан бала бакчанын имараты жалпы аянты 5222,74 ч.м. жер тилкеси менен Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алсын жана муниципалдык менчикке өткөрүү үчүн зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Мамыркуловго жүктөлсүн.

Төрага

Т.И.Турдиев
