Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ново-Покровка айылдык кеңешинин «Суу мунарасы жөнүндө» токтому
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2021-жылдын 28-июну № 10/IV-28 Суу мунарасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18,31-беренелеринин негизинде Кыргыз Республмкасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-п.ылайык, ошондой эле айылдын жашочуларын ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн Ново-Покровка айыл аймагынын суу мунарасын имаратын жанындагы жер тилкеси менен баланска алуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ново-Покровка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ново-Покровка айылынын ЧЧК жээгиндеги Набережная көчөсү № жок дарегинде жайгашкан суу мунарасынын имараты жалпы аянты 408,0 ч.м. жер тилкеси менен муниципалдык менчикке алынып, Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн балансына коюлушуна макулдук берилсин.
2. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Мамыркуловго:
- Ново-Покровка айылынын ЧЧК жээгиндеги Набережная көчөсү № жок дарегинде жайгашкан суу мунарасынын имараты жалпы аянты 408,0 ч.м. жер тилкеси менен Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алсын жана муниципалдык менчикке өткөрүү үчүн зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Мамыркуловго жүктөлсүн.
Ново-Покровка айылдык кеңешинин төрагасы
Т.И.Турдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон