Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кочкорбаев айлдык кеңешинин «Перспективдүү планы» планы
Кочкорбаев айлдык кеңешинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 26/IV-28 токтому Тиркеме
“Макулдашылды” Ысык-Ата райондук Мамлекеттик администрациясы _______Н.Курмантаев _______2021-жыл
“Бекитилди” Кочкорбаев айылдык кеңеши ____Э.Койчукеев
22.12.2021-жыл
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИНИН МАМЛЕКЕТТИК ФОНДУНУН ЖЕРЛЕРИН ПАЙДАЛАНУУНУН ПЕРСПЕКТИВДҮҮ ПЛАНЫ
КЕНЕШ-2021
Мазмуну
Кириш бөлүгү ……………………………………………....................... I БӨЛҮК. Кочкорбаев айыл өкмөтүндөгү жердин жалпы курамы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунунун жерлеринин курамы (АЖМФ) АЖМФ жерлерин колдонуу АЖМФнун пайдаланылбаган жана жарым-жартылай колдонулбаган жерлери Калктуу пункттуу кеңейтүүгө сакталган АЖМФнун жер тилкелери АЖМФнун жерлерин колдонууга муктаждык
II БӨЛҮК. АЖМФнун жер мерчемдөө аймагы ........................... АЖМФнун экономикалык жактан жакшы аймактагы жерлери Жердин абалын жакшыртуу үчүн инвестиция керектелүүчү АЖМФнун талап кылынбаган аймактагы жерлери Келишимди аягына чыгаруу мөөнөттөрү Берилген аймак боюнча мерчемделген иш-чаралар.
III БӨЛҮК. АЧМФнун жерлерин ижарага берүү ........................ Жалпы жобо АЖМФнун жер тилкелерин аукцион өткөрүү аркылуу ижарага берүү. АЖМФнун жер тилкелерин конкурс аркылуу ижарага берүү. АЖМФнун жер тилкелерин түз берүү аркылуу ижарага берүү. АЖМФнун жер тилкелерин социалдык багыттагы субъекттерге ижарага. АЖМФнун пайдаланылбаган жерлерин ижарага берүү.
IV БӨЛҮК. Келишим жана келишимдин мамлекеттик каттоосу .......... V БӨЛҮК. Акча каражаттарын бөлүштүрүү........................................ VI БӨЛҮК. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин натыйжалуу пайдаланууну контролдоочу мамлекеттик орган............................................ 1-тиркеме. Документтин үлгүлөрү. 2-тиркеме . АЖМФнун жерлеринин таблицасы. 3-тиркеме. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл өкмөтү боюнча АЖМФнун жерлерин ижарага алуучулардын тизмеси.
Киришүү бөлүгү
Кочкорбаев айыл өкмөтү 1996-жылы түзүлүп, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун курамына кирген. Бишкек шаарынан 30 км., райондун борбору Кант шаарынан 8 км., темир жол станциясынан 8 км. Алыстыкта жайгашкан. Бишкек шаарындагы жакынкы аэропорттун аралыгы 60 км. Кочкорбаев айыл өкмөтү Ысык-Ата районунун түндүк тарабында жайгашкан, түндүк Чү дарыясы түндүктөн түштүктү карай созулган. Түндүк чек ара тилкеси Казахстан Республикасынын жери менен чектешет, чыгыш тарабы Красноречка жана Нурманбет айыл аймактары, түштүк тарабы Интернационал айыл аймагы, батыш тарабы Жээк айыл аймагы менен чектешет. Айыл аймагы жайгашкан аймактын климаты деңиз деңгээлинин жогорулугуна карата ар түрдүү болуп турат, орточо деңгээли 890. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн курамына 3 калктуу пункт кирет: Кеңеш айылы, Будёновка айылы, Д.Курманалиев айылы. Калктын саны 2021-жылдын 1-январына карата 7550 киши, 1660 кожолук. Эркектер- 3318, аялдар- 3893, айыл аймагы курамы боюнча – көп улуттуу. Айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан:
1. – Будёновка орто мектеби;
2. - «Кеңеш” орто мектеби;
3. - «Нур-Наристе» бала бакчасы;
4. – 1 ҮБДБ;
5.- 2 ФАП;
6.- 3 дарыкана;
7.- 1 маданият үйү;
8.- 1 турмуш-тиричилик үйү;
9.- 2 почта бөлүмү;
10.- 2 тегирмен;
11.- 1 майдалагыч (дробилка);
12.- ____ дүкөн;
13.- 574 дыйкан чарбасы.
Калктын негизги иши соода-сатык, кызмат көрсөтүү, муниципалдык кызмат, мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Өндүрүлүүчү дан-эгин, өсүмдүктөр: дан эгиндери - буудай, арпа, жүгөрү, техникалык – күн карама, софлор, жер-жемиштер, картофель, кант кызылчасы, көп жылдык тоют чөптөр, мөмө, жемиш бактары.
I БӨЛҮК. Кочкорбаев айыл өкмөтүндөгү жердин жалпы курамы Азыркы мезгилде Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жалпы аймагы 10876 га түзөт, анын ичинен айыл чарба жерлери – 9180, калктуу пункттардын жери – 350 га, өнөр жай жана транспорттук жерлер – 279 га, суу фондунун жерлери – 120 га, токой чарба фондунун жерлери – 947 га, админисративдик чек аранын жалпысы – 10876.
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖМФ) жерлеринин курамы
АЖМФнун жерлеринин жалпы аянты – 1171га, анын ичинен айдоо сугат Айдоо сугат жерлери – 773 га, кайракы жерлер – 388, көп жылдык өсүмдүктөр – 7,0 га, чабынды – 3,0 га.
2. АЖМФнун жерлерин пайдалануу
1,0 га айдоо сугат жерлеринин аукцион аркылуу берилүүчү орточо ижара акысы 5000 сом болуп бекитилди, мындан тышкары жер салыгы – 416 сом, социалдык чегерүү – 400 сом. Баары – 5816 сом. Кайракты жерлердин 1,0 га ижара акысы 2000 сом болуп бекитилди, жер салыгы – 74, 20 сом, социалдык чегерүү 74,20 сом, баары – 2148,4 сом. Көп жылдык өсүмдүктөр үчүн 1000 сом, жер салыгы – 213 сом, социалдык чегерүү 213 сом, баары – 1426 сом. Чабынды жерлердин 1 га ижара акысы 500 сом, жер салыгы 30.8 сом, социалдык чегерүү 30, 8 сом, баардыгы – 562 сом. Аукциного катышуу үчүн кепилдик салымы алгачкы ижара акысынан 15% өлчөмүндө бекитилди. Аукциондун “кадамы” 10% өлчөмүндө Жер комиссиясы тарабынан бекитилди. Аукциондун “кадамы” аукцион бардык учурунда бирдей өлчөмдө калат. АЖМФнун жерлеринин тоорукка коюлган жалпы санынан 20%дан кем эмес жери берилген арыздарга ылайык түз бериле тургандыгы мерчемделүүдө:
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө түз сүйлөшүү аркылуу эсептен 050 га үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө төмөнкү контурлардан жер тилкесин берүү каралган:
1. контур № 626 – 3.66 га. айдоо сугат жерлери;
2. контур № 150 – 20.0 га. айдоо сугат жерлери;
3. контур № 972 – 18.77 га айдоо сугат жерлери;
Ижара акысы жер салыгынын өлчөмүндө бекитилген жерлерде ижаранын мөөнөтү 5 жылдан ашырылбашы керек. Жогоруда көрсөтүлгөн жерлерди алуу үчүн арыздар келип түшпөгөн учурда жер комиссиясы ал жерлерди тоорукка коет.
- үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименталдык, тажрыйба-селекциялык чарба , сорт сыноочу станциялар жана участкалар, айыл чарба кооперативдерине
- социалдык багытталган субъектерге:
Төмөнкү контурларда жайгашкан;
1. Контур № 988 – 66.0 га айдоо сугат жери;
2. Контур № 1096 – 11.0 га айдоо сугат жери;
3. Контур № 1030- 14.0 га айдоо сугат жери;
4. Контур № 429- 10.0 га айдоо сугат жери;
5. Контур № 578 – 35 га айдоо сугат жери
6. Контур №1130 – 25.0 га айдоо сугат жери;
7. Контур №1071 – 25.0 га айдоо сугат жери;
8. Контур № 595 – 50.0 га кайракы жерлер;
9. Контур № 593 – 54.0 га кайракы жери;
Жогоруда көрсөтүлгөн жерлердин ижара акысынын алгачкы бааларынын өлчөмү айылдык кеңеш аркылуу бекитилди, айдоо сугат жерлеринин ижара мөөнөтү 5 жылдан ашпашы керек. Жогоруда көрсөтүлгөн жерлерди алуу үчүн арыздар келип түшпөгөн учурда жер комиссиясы ал жерлерди тоорукка коет.
3. АЖМФнунп айдаланылбаган жана талап кылынбаган жерлери
3.1 Бул аймактын айдоо сугат жерлеринин жалпы аянты төмөнкү контурларда 39.2 га түзөт. :
№ 978 – 0.6 га № 356 - 1.1 га № 354- 8.8 га № 823 – 19.6 га № 1096 – 9.10 га
4. Калктуу пункттуу кеңейтүүгө сакталган АЖМФнун жер тилкелери
4.1 АЖМФнун жерлеринин калктуу конуштан алыстыгына байланыштуу АЖМФнун жерлеринен жаш үй-бүлөлөргө үй куруу үчүн жер тилкелерин берүүгө мүмкүн болуп эсептелбейт.
5. АЖМФнун жерлерин колдонуу муктаждыгы
5.1. Кочкорбаев айыл өкмөтүндө АЖМФнун жерлерин ижарага алууга туруктуу суроо-талап жок.
II БӨЛҮК. АЖМФнун жер-мерчемдөө аймагы АЖМФнун экономикалык жактан жакшы аймактагы жерлери (схема) Бул аймактын жалпы аянты 985,6 га түзөт, анын ичинен: Айдоо сугат жерлери 733.8 га, төмөнкү контурларда: № 126 – 37.67га № 923 – 5.5 га № 248 – 36.47 га № 1071 – 79 га № 253 – 43.5 га № 988 – 66 га № 104 – 10 га № 972- 18.77 га № 150 – 20 га № 1028 – 9.12 га № 623 – 3.66 га № 1035 – 26.64 га № 429 – 10 га № 1096 – 36 га № 831 – 10 га № 1099 – 2.8 га № 578 – 64.8 га № 1100 – 17.2 га № 1130 – 39 га № 1131 - 54.61 га Кайракы жерлер 388 га төмөнкү контурларда: № - 884 – 8.7 га № 991 – 102.9 га № 577 – 26.78 га № 1042- 10.4 га № 593 – 54.6 га № 1096 – 4.7 га № 595 – 66.2 га № 1049 – 2.4 га № 1074- 74.3 га № 626 – 4.62 га № 988 – 20 га № 995 – 12.4 га
Көп жылдык өсүмдүктөр 7.0 га төмөнкү контурда: № 1114 – 7.0 га Чабынды 3.0 га төмөнкү контурда: № 27 – 3.0 га.
2. Жердин абалын жакшыртуу үчүн инвестиция керектелүүчү АЖМФнун талап кылынбаган аймактагы жерлери
2.1 Бул аймактын жалпы аянты 39.2 га айдоо сугат жерлери төмөнкү контурларда:
№ 978 – 0.6 га № 356 - 1.1 га № 354- 8.8 га № 823 – 19.6 га № 1096 – 9.10 га Бул жерлер жакынкы жер алдындагы суулардын пайда болушунан улам саздак жана бадал өскөн жерлер болуп эсептелет, ошого байланыштуу кургатуу үчүн кошумча инвестиция талап кылынгандыктан пайдаланылбайт жана талап кылынбайт. Жер комиссиясы бул жерлерди алууну каалагандардын арызын карап чыгып, жерди түз алуу боюнча сүйлөшүү жолдорун карайт. Бул боюнча жергиликтүу кеңеш менен ижара акысын төлөө жеңилдиктери жер салыгын төлөө өлчөмүндө ижара акысы бекитилген.
Ижара келишиминин аяктоо мөөнөтү
2.2. 021-жылы жалпы аянты 582 га түзгөн 34 ижара келишитми аягына чыгат, анын ичинен 542 га айдоо сугат жерлери, 40.0 га кайракы жерлер, ___% келишимдин санынан түзөт.
2.3. 2022-жылы жалпы аянты 21.0 га түзгөн 2 ижара келишими аяктайт, ____ % келишимдин санынан түзөт.
2.4. 2023-жылыжалпы аянты 61.5 га түзгөн ижара келишими аяктайт, _% келишимдин санына түзөт.
2.5. 2024-жылы жалпы аянты 7.0 га түзгөн 1 ижара келишими аяктайт, ____% келишимдин санынан түзөт.
2.6. 2025-жылы жалпы аянты 464.34 га түзгөн ижара келишими аяктайт, анын ичинен 109.34 айдоо сугат жерлери жана 348 га кайракы жерлер, 7.0 га көп жылдык өсүмдүктөр, ____% келишимдин санынан түзөт.
3. Бул аймактар боюнча мерчемделген иш-чаралар:
3.1. 2021-жылы:
1. 2021-жылдын 3-кварталында келишим мөөнөтү аяктаган 582.0 га аянтты түзгөн АЖМФнун жерлери боюнча аукцион өткөрүү зарыл.
2. Бошотулган АЖМФнун жерлерине бул тилкени берүү боюнча аукцион өткөрүлөт.
4.2. 2022-жылы:
1. 2022-жылдын 3-кварталында келишим мөөнөтү аяктаган 21.0 га аянтты түзгөн АЖМФнун жерлери боюнча аукцион өткөрүү зарыл.
2. Бошотулган АЖМФнун жерлерине бул тилкени берүү боюнча аукцион өткөрүлөт.
3.2. 2023-жылы:
1. 2023-жылдын 3-кварталында келишим мөөнөтү аяктаган 61.5 га аянтты түзгөн АЖМФнун жерлери боюнча аукцион өткөрүү зарыл.
3.3 Бошотулган АЖМФнун жерлерине бул тилкени берүү боюнча аукцион өткөрүлөт.
2024-жылы:
4. 2024-жылдын 3-кварталында келишим мөөнөтү аяктаган 7.0 га аянтты түзгөн АЖМФнун жерлери боюнча аукцион өткөрүү зарыл.
4.1. Бошотулган АЖМФнун жерлерине бул тилкени берүү боюнча аукцион өткөрүлөт.
4.2. 2025-жылы:
2025-жылдын 3-кварталында келишим мөөнөтү аяктаган 464.34 га аянтты түзгөн АЖМФнун жерлери боюнча аукцион өткөрүү зарыл.
5.1. Бошотулган АЖМФнун жерлерине бул тилкени берүү боюнча аукцион өткөрүлөт.
III. Ижарага берүү
19. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери ижарага тоорук аркылуу жана түз берүү аркылуу берилет.
20. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт.
21. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында айыл өкмөтү 7 кишиден кем эмес Жер комиссиясын түзөт, анын курамына 3 кишиден кем эмес жергиликтүү кеңештин депутаттары, ошондой эле айыл чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын (мындан ары - РАӨБ) өкүлү; кирет:
- 1 - Айыл өкмөтүнүн башчысы Комиссиянын курамына кызматы боюнча кирет;
- 3- айылдык кенештин депутаттары;
- 2- коомчулуктун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү;
- 1- райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү;
Жер комиссиясынын курамына кирген депутаттардын ичинен комиссиянын төрагасы шайланат. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жер комиссиясынын катчысы болуп дайындалат. Жер комиссиясынын курамы жана иш регламенти жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
23. Жер комиссиясы:
- лотторду түзөт;
- жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ижара акысынын баштапкы же болбосо туруктуу өлчөмүн белгилейт;
- конкурстун шарттарын аныктайт;
- кепилдик төлөмдүн өлчөмүн белгилейт;
- лоттордун чек араларын аныктайт;
- жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмүн белгилейт;
- жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт;
- ар бир лот боюнча аукциондун "арымынын" өлчөмүн белгилейт;
- жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ижара акысын төлөөнүн түрүн жана мөөнөттөрүн аныктайт;
- тооруктардын жыйынтыгынын протоколуна кол коет;
- ушул Типтүү жободо белгиленген башка функцияларды жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 55 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү боюнча тооруктарга талапкер катары төмөнкүлөр катыша алышпайт:
- Жер комиссиясынын мүчөлөрү;
- аукциончу.
1. Тооруктарды өткөрүү тууралуу жалпы жоболор
25. Тооруктарга катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар ушул Типтүү жободо белгиленген формада арыз (N 1 тиркеме) беришет жана ушул Типтүү жобонун 28-пунктунда каралган документтерди берет.
Тооруктарга катышуу тууралуу арызды арыз ээсинин (талапкердин) өзү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берет.
26. Жер комиссиясынын катчысы берилген арыздарды, ошондой эле ушул Типтүү жобонун 28-пунктунда каралган документтерди кабыл алат жана атайын журналга каттайт.
Арыздарды жана башка документтерди кабыл алуу тооруктарды өткөрүүгө беш иш күнү калганда токтотулат.
27. Катчы (акциондун, конкурстун) тоорукка катышууга арызды жана бардык зарыл документтерди кабыл алгандан кийин арыз ээсине күнүн жана каттоо номерин көрсөтүү менен документтерди алгандыгы жөнүндө билдирүү (N 2 тиркеме) берүүгө милдеттүү.
Тоорукка катышуудан баш тартууну кабыл алуу жана каттоо ушул пунктта белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
28. Тоорукка катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:
- аукционго, конкурска катышууга арыз;
- инсандын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү документ;
- кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү.
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага алган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жер салынган төлөө тууралуу кепилдик кат же милдеттенме.
Конкурска катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары конкурстун шарттары боюнча өз сунуштарын кол коюп, чапталган конвертке салып беришет. Юридикалык жактар уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, ошондой эле юридикалык жактын таламын жактаган жактардын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди кошумча беришет.
29. Катчы ушул Типтүү жобонун 28-пунктунда көрсөтүлгөн бардык документтерди кабыл алат жана аларды Жер комиссиясынын кароосуна киргизет.
30. Талапкерлердин арыздары жана документтери Жер комиссиясы тарабынан каралат. Арыздарды жана документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы арыз ээлерине (талапкерлерге) тоорукка катышууга жол берүү жөнүндө чечим кабыл алат, ал тууралуу протокол түзүлүп (N 3 тиркеме), анда бардык жол берилген арыз ээлеринин (талапкерлердин), ошондой эле ушул Типтүү жобонун 31-пунктуна ылайык тоорукка катышууга жол берилбеген арыз ээлеринин тизмеси көрсөтүлөт.
31. Төмөнкү учурларда арыз ээсинен (талапкерден) арыз кабыл алынбашы мүмкүн:
- арыз тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенде берилгенде;
- арыз ээсинин (талапкердин) атынан кайрылууга ыйгарым укугу жок адам тарабынан арыз берилгенде;
- тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө жарыяланган тизме боюнча зарыл болгон документтердин бардыгы берилбесе же болбосо берилген документтер тиешелүү түрдө таризделбесе.
Кабыл алынбаган арыз жана документтер арыз ээсине (талапкерге) кабыл алуудан баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кайтарылып берилет.
32. Конкурска катышуу үчүн кепилдик төлөм Жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акысынын өлчөмүнүн 5 процентинен 10 процентине чейинки өлчөмдө белгиленет, ал эми аукционго катышуу үчүн кепилдик төлөмдүн өлчөмү баштапкы ижара акысынын өлчөмүнүн 15 процентинен 30 процентине чейинки өлчөмдө белгиленет.
33. Талапкер тоорукка бир канча лот боюнча катышкан учурда, кепилдик төлөмү ар бир лот боюнча төлөнөт.
34. Кепилдик төлөмдү төлөөдө кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанция берилет.
35. Кепилдик төлөм төмөнкү учурларда кайтарылып берилбейт:
- жеңүүчү тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартканда;
- жеңүүчү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерин ижаралоо келишимин түзүүдөн баш тартканда.
36. Калган учурларда кепилдик төлөм:
- тоорукка катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берген убактан тартып;
- тоорук бүткөн убактан тартып;
- тоорук өткөн жок деп таанылгандан тартып 5 жумуш күнүнүн ичинде кайтарылууга тийиш.
37. Тооруктун жеңүүчүсү менен ижара келишимин түзгөндө кепилдик төлөмдүн суммасы ижара акысынын суммасына кошулат.
2. Аукцион
38. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-пландоо зоналарынын чегинде аукцион аркылуу берилүүгө тийиш болгон экономикалык жактан артыкчылыктуу жерлер катары аныкталган жерлер боюнча жүргүзүлөт.
39. Аукционго коюлуп жаткан ар бир жер участкасы өз алдынча лот болуп түзүлүшү керек.
40. Аукционго коюлуп жаткан лоттун төмөнкүдөй маалыматты камтыган кеңири баяндамасы болууга тийиш:
- лоттун номери;
- жер участкасынын жайгашкан жери (контурдун аталышы);
- участканын аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы гектар менен;
- ижара акысы;
- баштапкы ижара акысынын өлчөмү (мында баштапкы ижара акысынын өлчөмү жер салыгынын өлчөмүнөн 20 проценттен кем эмес жогору болушу керек);
- аукциондун "арымы";
- ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү;
- сервитуттардын болушу же жоктугу.
41. Айыл өкмөтү аукционду өткөрүүгө 30 күн калганда жалпыга жеткиликтүү жерлерде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөөрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү, анда:
- лоттордун тизмеси алардын контурларынын баяндамасы менен;
- аукционду өткөрүү шарттары, күнү, орду;
- ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмү;
- кепилдик төлөмдү төлөөнүн өлчөмү жана тартиби;
- ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү, индексациялоо жөнүндө шарттар;
- ар бир лот боюнча аукциондун "арымы";
- арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
- аукционго катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
- аукциондун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги көрсөтүлөт.
Муну менен бирге айыл өкмөтү маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.
42. Аукциондун "арымы" Жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акынын 10 процентинен 20 процентине чейинки өлчөмүндө белгиленет. Аукциондун "арымы" аукцион бүткөнгө чейин бирдей болот.
2.1. Аукционду өткөрүү
43. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аукционду алып баруучу дайындалат.
44. Аукцион лоттун аталышын, негизги мүнөздөмөлөрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциондун "арымын" аукционду алып баруучу жарыялагандан башталат.
45. Аукциондун катышуучуларына номери коюлган билеттер берилет, алар кезектеги бааны жарыялагандан кийин билеттерди көтөрүп турушат.
Ар бир кийинки баа учурдагы бааны "аукциондун арымын" жогорулатуу менен белгиленет. Кезектеги бааны жарыялагандан кийин аукционду алып баруучу анын көз карашы боюнча билетти биринчи көтөргөн аукциондун катышуучусунун билетинин номерин атайт. Андан кийин аукционду алып баруучу аукциондун "арымына" ылайык кийинки бааны жарыялайт.
46. Эгер кезектеги бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири дагы андан жогору бааны сунуш кылбаса, акыркы бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп жарыяланат.
47. Аукциондун жеңүүчүсү аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө лротоколго кол коюуга тийиш. (N 4 тиркеме). Протоколго ошондой эле аукционду алып баруучу, Жер комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат.
Протоколдо төмөнкү маалыматтар келтирилет: ижара акысынын баштапкы жана акыркы өлчөмү, жер участкасын ижаралоо келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери, лоттун номери, ижара мөөнөтү ж.б. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү аукциондун жеңүүчүсүнө берилет.
48. Эгер аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Жер комиссиясы экинчи жеңүүчүгө протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгер аукциондун экинчи жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.
49. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып 10 иш күндүн ичинде айыл өкмөтү менен ижарачынын аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими (N 6 тиркеме) түзүлөт.
50. Төмөнкү учурларда аукцион өткөн жок деп эсептелет:
а) бир катышуучу катышса;
б) ушул Типтүү жобонун 48-пунктунда каралган учурда экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса;
в) баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин аукциондун бир да катышуучусу билет көтөрбөсө.
51. Ушул Типтүү жобонун 50-пунктуна ылайык белгилүү бир лот боюнча аукцион өткөн жок деп таанылган учурда ошол лот боюнча экинчи аукцион дайындалат.
Экинчи аукцион өткөрүүдө Жер комиссиясы баштапкы ижара акысынын өлчөмүн төмөндөтүүгө укуктуу, бирок 15 проценттен кеп эмес. Эгер экинчи тоорук ушул Типтүү жобонун 50-пунктунун "а" пунктчасына ылайык өткөн жок деп таанылганда, Жер комиссиясы жер участкасын экинчи тооруктун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
52. Аукционго катышканга талапкерлер жок болуп экинчи аукцион өткөн жок деп таанылганда Жер комиссиясы жер участкасын конкурс аркылуу берүүгө укуктуу.
3. Конкурс
53. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин конкурс аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-пландоо зоналарынын чегинде конкурс аркылуу берилүүгө тийиш болгон жакшыртуу үчүн инвестицияларды талап кылуучу жерлер катары аныкталган жерлер, ошондой эле ушул Типтүү жобонун 52-пунктуна ылайык башка жерлер боюнча жүргүзүлөт.
54. Айыл өкмөтү конкурсту өткөрүүгө 30 күн калганда жалпыга жеткиликтүү жерлерде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча конкурс өткөрүлөөрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү, анда:
- лоттун номери;
- жер участкасынын жайгашкан жери (контурдун аталышы);
- участканын аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы гектар менен;
- конкурстун шарттары, анын ичинде ижара акысынын өлчөмү;
- ижара мөөнөтү;
- сервитуттун болушу же жоктугу;
- арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
- конкурска катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
- конкурстун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги көрсөтүлөт.
Муну менен бирге айыл өкмөтү маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.
55. Конкурс Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү методу болуп саналат, анда ижарачы конкурстун шарттары менен аныкталган тиешелүү милдеттерди өзүнө алат.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижарачысына коюлган талаптарга ылайык Жер комиссиясы конкурсту төмөнкүдөй жолдор менен өткөрө алат:
- конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмүн аныктоо (баштапкы ижара акысы аныкталат, ижара акынын өлчөмү жана ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат);
- конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысын аныктабоо (ижара акысы туруктуу, ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат).
Мында ижара акынын баштапкы өлчөмү тиешелүү жерлерге жер салыгынын өлчөмүнөн төмөн болушу мүмкүн эмес.
56. Төмөнкү учурларда конкурс өткөн жок деп эсептелет:
- бир катышуучу катышса;
- ушул Типтүү жобонун 48-пунктуна ылайык экинчи жеңүүчү ижара келишимине кол коюудан баш тартса.
57. Белгилүү бир лот боюнча конкурс өткөн жок деп таанылган учурда, ошол лот боюнча экинчи конкурс дайындалат.
Экинчи конкурсту өткөрүүдө Жер комиссиясы конкурстун шарттарын өзгөртүүгө укуктуу.
58. Эгер экинчи конкурс бир гана катышуучу катышкандыктан өткөн жок деп таанылса, анда жер участкасы ага экинчи конкурстун шарттарында берилет.
59. Экинчи конкурс катышуучулардын жоктугунан өткөн жок деп таанылса, жер участкасы түз берүү жолу менен берилиши мүмкүн.
3.1 Конкурс өткөрүү
60. Маалыматтык билдирүүдө белгиленген убакытта Жер комиссиясынын отурумунда конкурстун катышуучуларынын катышуусу менен берилген арыздардын тизмеси жарыяланат. Арыз (арыздар) берилбеген учурда Жер комиссиясы конкурсту өткөрүүнү жагдайды аныктаганга чейин токтотуп турат.
61. Берилген арыздардын тизмеси жарыялангандан кийин конкурстун катышуучуларынын катышуусу менен арыздарды ачуу жүргүзүлөт.
62. Конкурстун жеңүүчүсү Жер комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү жолу менен аныкталат жана андан кийин конкурстун жыйынтыгы ачык жарыяланат.
Жер комиссиясынын чечимине ылайык конкурс боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылат. Добуштар тең болгон учурда Жер комиссиясынын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
63. Жер комиссиясынын отуруму, эгер ага мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен кем эмеси катышса мыйзамдуу болот.
64. Эгер эки же андан көп катышуучулардын конкурстун шарттары боюнча сунуштары бирдей жана эң жакшы болуп калса, анда арызды мурда берген конкурстун катышуучусу жеңүүчү деп таанылат.
65. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы протокол түзөт (N 5 тиркеме), анда төмөнкүдөй маалымат камтылат:
- Жер комиссиясынын отурумга катышкан мүчөлөрүнүн тизмеси;
- конкурстун катышуучулары жөнүндө маалыматтар жана алардын сунуштары;
- конкурстун жеңүүчүсү.
Протоколго Жер комиссиясынын отурумга катышкан бардык мүчөлөрү, конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат. Протоколдун көчүрмөсү конкурстун жеңүүчүсүнө берилет.
66. Протоколдун негизинде конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып 10 иш күндүн ичинде айыл өкмөтү менен ижарачынын конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими (N 6 тиркеме) түзүлөт.
Ушул Типтүү жобонун 66-пунктунда белгиленген мөөнөттө жеңүүчүнүн күнөөсү боюнча ижара келишими түзүлбөсө, ал Жер комиссия тарабынан жер участкасын ижаралоо келишиминен баш тартуу катары каралышы мүмкүн.
67. Жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда Жер комиссиясы ошол эле арыздардын арасынан экинчи жеңүүчүнү аныктайт.
68. Жеңүүчү же экинчи жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда ал ошол лот боюнча экинчи конкурска катышуу укугунан ажырайт.
4. Түз берүү
69. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага тоорук менен эмес, түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүүнүн субъекттери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- ошол айыл өкмөттүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар;
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун бош калган жерлерин, ошондой эле ушул Типтүү жобонун 59-пунктунда каралган жерлерди ижарага алууну каалаган жактар;
- үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбалар, сорт сыноо станциялары жана участоктору, айыл чарба кооперативдери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө;
- социалдык багыттагы субъекттер.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Эгер жергиликтүү кеңештер тарабынан башкасы каралбаса, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге берүү түз сүйлөшүүлөр жолу менен жүргүзүлөт.
70-1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы - айыл өкмөтү үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбаларга, сорт сыноо станцияларына жана участокторуна, айыл чарба кооперативдерине түз берүү үчүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери бар экендиги жөнүндө РАӨБгө билдирүү жиберет. РАӨБ 14 календардык күндүн ичинде үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбаларга, сорт сыноо станцияларына жана участокторуна, айыл чарба кооперативдерине мындай жерлердин бар экендиги жөнүндө кат жүзүндө билдирет. Үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбалар, сорт сыноо станциялары жана участоктору, айыл чарба кооперативдери 14 календардык күндүн ичинде тиешелүү айыл өкмөтүнө Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин түз берүү жолу менен алуу жөнүндө өздөрүнүн сунуштарын кат жүзүндө киргизишет. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин түз алуу боюнча сунуштар берилбеген же баш тартылган учурда Жер комиссиясы бул участкаларды аукцион же конкурс өткөрүү жолу менен бергенге укуктуу. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге ижарага берүү
71. Жер участогун ижарага алууга талапкер болгон социалдык багыттагы субъектилер айыл өкмөтүнө уюштуруу иш кагаздарынын көчүрмөлөрү (уставдын, жобонун ж.б. күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) тиркелген арыз беришет.
72. Жер комиссиясы арыздарды жана ушул Типтүү жобонун 71-пунктунда каралган тиешелүү документтерди карайт, андан кийин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери ижарага бериле турган социалдык багыттагы субъекттердин тизмесин түзөт.
73. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге берүүдө ижара акысы жер салыгынын өлчөмүндө белгиленет, ал эми ижара мөөнөтү 5 жылдан ашпоого тийиш.
4.2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик
фондунун бош калган жерлерин, ошондой эле ушул Типтүү жобонун 59-пунктунда каралган жерлерди ижарага берүү
74. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун бош калган жерлерин ижарага берүү Келечек планга ылайык тиешелүү жер-пландоо зоналарынан, ошондой эле ушул Типтүү жобонун 59-пунктунда каралган жерлерден жүргүзүлөт.
75. Бул жер участкаларына талапкер жактар айыл өкмөтүнө арыз беришет.
76. Жер комиссиясы арыздарды карайт жана бул жерлерди ижарага берүүнүн шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мында жергиликтүү кеңеш тарабынан ижара акыны төлөө боюнча жеңилдиктер белгилениши мүмкүн.
4.3. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик
фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл-тукум, тажрыйба-селекциялык чарбаларга, илим-изилдөө мекемелерине, сорт сыноо станцияларына жана участкаларына ижарага берүү
(Глава КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
77. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл-тукум, тажрыйба-селекциялык чарбаларга, илим-изилдөө мекемелерине, сорт сыноо станцияларына жана участкаларына ижарага берүү Келечек планына ылайык тиешелүү жер пландоо зоналарынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
78. Үрөнчүлүк, асыл-тукум, тажрыйба-селекциялык чарбаларга, илим-изилдөө мекемелерине, сорт сыноо станцияларына берилүүчү бир айылдык аймактын чегиндеги Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун сугарылуучу жер участкалары мамлекеттик Келечек планында каралууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Келишим жана келишимди мамлекеттик
каттоодон өткөрүү
5.1. Келишим
79. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер участкасын ижарага алуу укугун берүүнүн түрүнө (тоорук, түз берүү) карабастан айыл өкмөтү ижарачы менен жазуу түрүндө бирдей күчкө ээ үч нускада жер участкасын ижаралоо келишимин түзөт.
80. Фонддун жерлерин ижаралоо келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
81. Ижара келишиминде негизги шарттар, анын ичинде ижара төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөттөрү, ошондой эле ижара акысын индексациялоонун шарттары жана өзгөрүп кеткен учурда кайра кароо шарты менен жылдык жер салыгынын өлчөмү камтылууга тийиш.
82. Ижара келишими боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн ижарага берүүчү ижарачы менен күрөө келишимин түзүүгө укуктуу.
83. Ушул Типтүү жобонун 3-пунктунда белгиленген талаптарды эсепке алуу менен ижара акысы бир жолу же мезгил-мезгили менен төгүлүүчү төлөмдөрдүн так аныкталган суммасы түрүндө киргизилиши мүмкүн, алардын төлөө мөөнөттөрү тиешелүү жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
Бул учурда Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү мөөнөтү 1-ноябрдан кечикпей аяктай турган айыл чарба жылы катары эсептелет. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
84. Төмөндөгүдөй укук бузуулар тууралуу жазуу түрүндөгү эскертүү чыккандан кийин 30 күндүк мөөнөттө ижарачы аларды жойбосо, жер участкасын ижаралоо келишими сот тартибинде бузулушу мүмкүн:
- жер участкасын ижара келишиминин шарттарын орчундуу бузуу менен пайдалануу;
- жер участкасын максаттуу багытына ылайык пайдаланбоо;
- кыртыштын асылдуулугун орчундуу начарлатуу;
- келишимде белгиленген төлөө мөөнөтүндө ижара акысын төлөбөө;
- ижара келишиминде белгиленген милдеттенмелерге ылайык жер участкасына инвестициялоо боюнча милдеттенмелерди аткарбоо.
85. Өз милдеттерин талаптагыдай аткарган ижарачы келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин башка теңдеш шарттарда жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө башка жактардын алдында артыкчылыктуу укукка ээ. Ижарачы ижара келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал эми эгерде келишимде мындай мөөнөт көрсөтүлбөсө, ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашпаган мөөнөттө ушундай, келишим түзүүгө ниеттенгени жөнүндө ижарага берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Ижарага берүүчү жаңы мөөнөткө жер участогунун ижара келишимин түзүүгө макулдугу же макул эместиги жөнүндө ижарачыга 15 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
Ижарага алган жер участоктору боюнча ижара, салык төлөмдөрүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөшкөн, өз ишин максаттуу багыты боюнча жүргүзүшкөн үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик жана тажрыйба-селекциялык чарбалар, илимий-изилдөө мекемелери, сорт сыноо станциялары жана участоктору, айыл чарба кооперативдери келишимдин мөөнөтү аяктаганда жаңы мөөнөткө жер участогунун ижара келишимин конкурссуз, биринчи кезекте кайра түзүү укугуна ээ болушат. Жаңы мөөнөткө жер участогунун ижара келишимин түзүүдө келишимдин шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн. Эгерде ижарачы ижарага берүүчү тарабынан 15 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү каршы пикири берилбеген шартта келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин жер участогун пайдаланууну улантса, келишим мурдагы келишимде түзүлгөн тиешелүү мөөнөткө ошол эле шарттарда кайра жаңыртылды деп эсептелет. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби, анын ичинен төлөмдүн чегин аныктоо жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун кунары кеткен жерлери айылдык товар өндүрүүчүлөргө, чарбакер субъекттерге ушул Типтүү жобого ылайык ижарага берилиши мүмкүн. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 599, 2019-жылдын 15-февралындагы № 55 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
86. Ижарага алынган жер участкасына болгон укук ипотека келишиминин заты боло албайт.
IV. Акча каражаттарын бөлүштүрүү
87. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин тоорук жана түз берүү аркылуу ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар, ошондой эле кайтарылбаган кепилдик төлөмдөрдүн суммалары тиешелүү жергиликтүү бюджетке түшөт.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалангандыгы үчүн ижара акылардан чогултулган суммадан аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн багытталуучу каражаттын өлчөмү айылдык кеңештер тарабынан аныкталат.
V. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун
жерлерин натыйжалуу пайдаланууну контролдоочу мамлекеттик орган
88. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин натыйжалуу пайдаланууга контролдоочу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги эсептелет. Ал, ушул жерлерди башкарууга, атап айтканда Келечек планды түзүүгө, тоорук өткөрүүгө, аталган жерлерди башкаруу боюнча башка иш-чараларга усулдук жардам көрсөтөт.
89. Жергиликтүү кеңештердин аткаруу органдары квартал сайын милдеттүү түрдө РАӨБ Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу боюнча отчет беришет. Отчеттун түрү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
90. РАӨБ кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге комиссиялык түрдө:
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун бош калган жерлеринин өлчөмдөрүн ар бир контур боюнча өзүнчө айыл өкмөттөрү, поселкалык башкаруулар, район боюнча такташат жана жер участкаларынын өлчөмдөрүн жана жер участкасы канча убакыт пайдаланылбагандыгын көрсөтүү, тастыктоочу документтерди (актыларды) түзүү менен алардын бош калган себебин аныкташат;
- алынган маалыматтардын негизинде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин айыл чарба айлануусуна тартуу, сугат тармактарын, скважиналарды, насостук станцияларды калыбына келтирүү жана жогорку натыйжалуулукта пайдалануу, жерлерди пайдаланууга тоскоол болуп жаткан себептерди жоюу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планын иштеп чыгат, мында жергиликтүү ресурстарды пайдаланууну жана өзүнчө республикалык бюджетти эске алуу менен конкреттүү иш-чараны жүргүзүү үчүн зарыл болгон каражаттардын өлчөмүн аныкташат.
91. Жеке жана юридикалык жактардын тооруктарды өткөрүү, түз сүйлөшүүлөр аркылуу берүү боюнча даттануулары РАӨБ тарабынан каралат, алар айылдык, поселоктук кеңештен даттанууну кароо жана өз компетенциясынын чегинде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген соттук тартипте чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык документтердин көчүрмөлөрүн талап кылууга укуктуу.
А/ө башчысы ______________________________________ (ижарачынын фамилиясы, аты-жөнү) _____________________________________ (паспорт боюнча маалыматтар серия, ______________________________________ номери, качан, ким тарабынан берилген) ______________________________________ (юридикалык жактын аталышы, ______________________________________ юридикалык дареги)
АРЫЗ
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун N __________ лот боюнча жер участкасына ижара укугун сатуу боюнча тоорукка (аукцион/конкурс) катышууга уруксат берүүңүздү суранам. Тиркелүүчү документтердин тизмеси:
1) ____________________________________________
2) ____________________________________________
3) ____________________________________________
4) ____________________________________________
Арыз ээсинин колу ________________________________________________ _____________________________________________________________ (фамилиясы, аты-жөнү) ________ жылдын "______" ______________________ Арыз берген күнү жана каттоо номери ______ жылдын "_____" ________ _____________________ __________________________________________________ (арызды кабыл алган адамдын кызмат орду) (арызды кабыл ______________________________________________________________ алган адамдын кызматы, фамилиясы, аты-жөнү, колу,) Эскертүү. Жер участогун жалпы биргелешкен пайдаланууга алган учурда арызга жер участогунун өлчөмдөрү аныкталуу менен ижарачылардын тизмеси тиркелет.
БИЛДИРҮҮ (документтерди каттоо жана кабыл алуу жөнүндө) __________ жылдын "________" __________ _____________________ (жылы) (күнү) (айы) айыл өкмөтү Каттоо номери _______________ ________________________________________________ (талапкердин, жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү, паспорт N___________________________________________________________ юридикалык жактын аталышы) Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун лот _______________, аянты _________ га болгон жер участкасын ижарага алуу үчүн тоорукка (аукцион, конкурс) катышууга арыз кабыл алынды. Жер участкасынын орун алган жери_______________________________________________________ (орун алган жеринин жазылышы)
2. Тоорук (аукцион, конкурс) 200 ____ ж. "_____"__________________ N _________ кабинетте _____________________________________ имаратында
(жайгашкан жери толук жазылат) дареги боюнча өткөрүлөт.
3. Арыз менен бирге ошондой эле төмөнкү документтер кабыл алынды:
_________________________________________________________ _____________________________________________________________ Талапкердин арызын кабыл алууга жана каттоого жооптуу адамдын фамилиясы, аты-жөнү, ээлеген кызматы жана колу __________________ колу
ПРОТОКОЛ N __________ ______ жылдын "_______" ________________ (күнү) (айы)
арыз ээлерин (талапкерлерди) Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча ______________________________ тоорукка катышууга жол берүү жөнүндө Комиссиянын курамы: Төрага________________________________________________________ Катчы________________________________________________________ Комиссиянын мүчөлөрү _____________________________________________________________ Арыздардын саны ___________, анын ичинде аукционго _________________, конкурска _________________. Тоорукка катышууга жол берилген арыз ээлери (талапкерлер) (Ф.А.Ж):
1. _______________________________________________________________
2. _______________________________________________________________
3. _______________________________________________________________
Тоорукка катышууга жол берилбеген арыз ээлери (талапкерлер) (Ф.А.Ж):
1. _______________________________________________________________
___________________________ (жол бербөөнүн себебин көрсөтүү менен)
2. _______________________________________________________________
___________________________ (жол бербөөнүн себебин көрсөтүү менен)
3. _______________________________________________________________
___________________________ (жол бербөөнүн себебин көрсөтүү менен) Жер комиссиясынын төрагасы _______________________________________
ПРОТОКОЛ N ___ ______ жылдын "_______" ________________ жылы (күнү) (айы) Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Аукционду уюштуруучу: ____________________________________________ Аукционду алып баруучу: __________________________________________ Жеңүүчү: _________________________________________________________ Экинчи жеңүүчү: __________________________________________________ Бул лот боюнча аукционго катышкандардын саны: ____________________ Лоттун номери ______, аянты ______ га, анын ичинде айдоо _____ га, анын ичинде сугат айдоо _____ га, көп жылдык өсүмдүктөр ______ га, чабындылар __________ га. Ижара мөөнөтү ____________________________________________________ (сан жана жазуу түрүндө) Баштапкы ижара акысы _____________________________________________ (сан жана жазуу түрүндө) Ижара акысынын акыркы өлчөмү _____________________________________ (сан жана жазуу түрүндө) Тоорукту уюштуруучу _____________________ (Ф.А.Ж.) (колу) Аукционду алып баруучу __________________ (Ф.А.Ж.) (колу) Аукциондун жеңүүчүсү ____________________ (Ф.А.Ж.) (колу)
ПРОТОКОЛ N _________ ______ жылдын "_______" ________________ жылы (күнү) (айы)
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча конкурс өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Комиссиянын курамы: Төрага ___________________________________________________________ Катчы ____________________________________________________________ Комиссиянын мүчөлөрү _____________________________________________ Жеңүүчү: _________________________________________________________ Экинчи жеңүүчү: __________________________________________________ Лоттун номери ______, аянты ______ га, анын ичинде айдоо _____ га, анын ичинде сугат айдоо _____ га, көп жылдык өсүмдүктөр ______ га, чабындылар __________ га. Бул лот боюнча берилген сунуштардын саны:
Катышуучу
Сунуш
Конкурстун жеңүүчүсү
Экинчи жеңүүчү
Ж.у.с.
Ижара мөөнөтү ____________________________________________________ (сан жана жазуу түрүндө) Баштапкы ижара акысы _____________________________________________ (сан жана жазуу түрүндө) Ижара акысынын түрү жана мөөнөтү__________________________________ (сан жана жазуу түрүндө) Конкурстук комиссиянын төрагасы __________________ (Ф.А.Ж.) (колу) Конкурстук комиссиянын катчысы __________________ (Ф.А.Ж.) (колу)
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижаралоонун ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы N 602 токтомунун редакциясына ылайык)
_____ жылдын "_______" ____________ _________________айылы (датасы) Биз, _____________________________________________________________ (башчынын аты-жөнү ______________________________________________________________ айылдык, поселоктук кеңештин аталышы) мындан ары бир тараптан - "Ижарага берүүчү" деп аталуучу жана экинчи тараптан _____________________________________________________________ ______________________________________________________________ (жер участогун ижарага алуучунун аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы) мындан ары "Ижарачы" деп аталгандар төмөндөгүлөр жөнүндө Келишим түздүк:
1. Келишим заты
1.1. Ижарага берүүчү Ижарачыга тиркелген жер экспликациясына ылайык ушул келишимге тиркелген пландын (картанын) 1: ______ масштабындагы чектерде көрсөтүлгөн га жерди, анын ичинде тиркелген жердин баяндамасына ылайык жердин түрлөрү боюнча ижарага ___________ жылдык мөөнөт менен _______ жылга чейин берет.
2. Ижара акысы
2.1. Ушул келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участкасын пайдалангандыгы үчүн Ижарачы жыл сайын (же башка макулдашылган мөөнөттөрдө) Ижарага берүүчүгө сом өлчөмүндө ижара акысын графикке ылайык төлөп турууга милдеттенет.
2.2. Ижара акыны төлөө боюнча милдеттенме бузулганда Ижарачы төлөмдүн кечиктирилген ар бир күнү үчүн өз убагында төлөнгөн сумманын 0,5 процент өлчөмүндө айып төлөйт.
2.3. Ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда, бирок жылына бирден көп эмес жолу өзгөртүлөт.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарачы төмөндөгүлөргө укуктуу:
- ижарага алган жер участкасында өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
- ижарага алынган жер участкасынын асылдуулугун жана абалын жакшыртуу боюнча мелиоративдик жана башка иштерди өз каражатынын эсебинен жүргүзүүгө;
- мамлекеттик жана коомдук керектөөлөр үчүн ижарага алынган жерлерди алып койгон учурда кыртыштардын асылдуулугун жогорулатууга жумшаган жана кеткен чыгымдарга, алалбай калган пайданы да кошуп компенсация алууга;
- ижарага алынган жер участкасында жайгашкан жалпыга таралган пайдалуу кендерди чарбанын керектөөлөрү үчүн белгиленген тартипте пайдаланууга;
- ижарага алынган жер участкасында белгиленген тартипте сугат, кургатуу, маданий-техникалык жана башка мелиоративдик иштерди жүргүзүүгө;
- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участкасын ижаралоо укугун салым катары киргизүүгө.
3.2. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ижарага алган жер участкасын белгиленген максатка ылайык натыйжалуу пайдаланууга;
- ижараланган жер участкасында жана ага жакын жайланышкан аянттарда өзүнүн чарбачылыгынын натыйжасында экологиялык абалдын начарлашына жол бербөөгө;
- ижарага алынган жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана өндүрүштүн жаратылышты коргоо технологияларын сактоо, кыртышты эрозиядан, шор басуудан, суу алдында калышынан, сазга айланып кетүүсүнөн, булгануусунан жана башкалардан коргоо боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырууга;
- башка жер пайдалануучулардын, жаратылышты пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартиптерин бузбоого;
- өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында жердин сапатынын жана экологиялык абалдын начарлап кетишине байланыштуу чыгымдарды, алалбай калган пайданы толук көлөмүндө Ижарага берүүчүгө жана жерди аралаш пайдалануучуларга төлөп берүүгө;
- Ижарага берүүчү жерди пайдалануу жана коргоо боюнча мамлекеттик контролдоо органдарына участкага эркин киришин камсыз кылууга;
- жер участкасын пайдалангандыгы үчүн ижара акысын жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө;
- келишим аяктагандан кийин жер участкасын келишим кучүнө кирген мезгилде кандай болсо, ошондой абалда Ижарага берүүчүгө өткөрүп берүүгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жерди пайдалануу жана коргоо боюнча Ижарачынын иштерине контроль жүргүзүүгө;
- жер участкасында курулган мелиоративдик, рекультивациялык, жакшыртылган жерлерди, коргоочу токой өсүмдүктөрүн отургузуу, эрозияга каршы жана башка объекттердин ишке киришин кабыл алууга катышууга;
- Ижарачынын чарбалык ишинин натыйжасында жерлердин сапатынын жана экологиялык абалдын начарлашынан келип чыккан чыгымдардын ордун толтуртууга;
- колдонуудагы мыйзамдар өзгөргөн учурда Ижарачынын макулдугу боюнча келишимге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө;
- ушул келишимдин шарттарын жана жер, жаратылыш коргоо мыйзамдарын бузууга алып келген Ижарачынын иштерин токтотууга.
4.2. Ижарага берүүчү темөнкүлөргө милдеттүү:
- келишим катталган мезгилден тартып __________ мөөнөттүн ичинде келишимдин шарттарына жана милдеттерине ылайык келгендей абалда жер участкасын Ижарачыга өткөрүп берүүгө;
- Ижарачынын өз алдынча чарба жүргүзүүсүнө керектүү шарттарды түзүп берүүгө жана жер участогун натыйжалуу пайдаланышына жолтоо болбоого;
- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин абалына контроль жүргүзүүгө;
- эгерде келишимдин шарттарына карама-каршы келбесе, Ижарачынын чарбалык ишине кийлигишпөөгө;
- эгерде Ижарачы каза болуп калса, ижара мөөнөтү бүткөнгө чейин анын бир мураскору менен берген арызы боюнча ижара келишимин кайра түзүүгө;
- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин абалын жакшыртууга жана жерлерди өздөштүрүүгө кеткен Ижарачынын чыгымдарын толук же жарым-жартылай ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин төлөп берүүгө.
5. Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүүнүн, ошондой эле аны бузуунун тартиби
5.1. Төмөндөгүдөй укук бузуулар тууралуу жазуу түрүндөгү эскертүү чыккандан кийин 30 күндүк мөөнөттө ижарачы аларды жойбосо, жер участкасын ижаралоо келишими сот тартибинде бузулушу мүмкүн:
а) жер участкасын ижара келишиминин шарттарын орчундуу бузуу менен пайдалануу;
б) жер участкасын максатына ылайык пайдаланбоо;
в) жер участкасын кыртыштын асылдуулук катмарынын бузулушуна, экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген жолдор менен пайдалануу;
г) келишимде белгиленген төлөө мөөнөтүндө ижара акысын төлөбөө;
д) кыртыштын асылдуулугун орчундуу начарлатуу;
е) ижарага берүүчүнүн келишимдин шарттарын аткарбоосу;
ж) конкурстун шарттарына ылайык жер участкасын жакшыртуу боюнча милдеттенмелерди аткарбоо;
з) тараптардын ижара акынын өлчөмүн индексациялоо боюнча макулдашууга жетишпөөсү.
Эки тараптын айыл чарба талаачылык жумуштары башталганга чейин же бүткөндөн кийинки жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча же соттук тартипте ушул келишим өзгөртүлүшү же мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. Фонддун жерлерин ижаралоо келишимин бузуу айыл чарба талаачылык жумуштары башталганга чейин, түшүмдү жыйнагандан кийин жүргүзүлөт.
6. Тараптардын жоопкерчилиги
Тараптардын ар бири Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ушул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
7. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
7.1. Ушул келишим боюнча мүмкүн болуучу бардык талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракет кылышат.
7.2. Эгерде макулдашууларга жетишилбесе, талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.
7.3. Башка шарттар
7.4. Келишим юридикалык бирдей күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү. Бир нускасы Ижарага берүүчүдө, экинчиси - Ижарачыда калат, үчүнчүсү кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү органына берилет.
7.5. Тараптардын юридикалык даректери жана банк реквизиттери:
Ижарага берүүчү
Ижарачы
___________________________
___________________________
___________________________
___________________________
___________________________
___________________________
Колдору:
Ижарага берүүчү
Ижарачы
___________________________ (колу)
___________________________ (колу)
М.О.
Келишим ______________ районунда 200 -жылдын "________" __________ катталды. Каттоо номери ___________
М.О.
Ижарага берилген жерлердин ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ __________________________________________________________________ (аталышы же ижарачынын фамилиясы, аты-жөнү)
Жалпы аянты, га
Анын ичинде
Бардык айдоо аянт
анын ичинде
көп жылдык
чабындылар
сугат
кайрак
өсүмдүктөр
__________________________________________________________________ __________________________________________________________________
М.О.
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы:
Э.К. Керимкулов
Чүй областы Ысык-Ата району Кочкорбаев айыл өкмөтү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери боюнча таблица
№
Контурлар номери
Жер тилексинин өлчөмү (га)
Эскертүү
1
126
37.67
Сугат жерлер
2
248
36.47
Сугат жерлер
3
253
43.5
Сугат жерлер
4
104
10
Сугат жерлер
5
150
20
Сугат жерлер
6
623
3.66
Сугат жерлер
7
429
10
Сугат жерлер
8
831
10
Сугат жерлер
9
578
64.8
Сугат жерлер
10
1130
39
Сугат жерлер
11
923
5.5
Сугат жерлер
12
1071
79
Сугат жерлер
13
988
66
Сугат жерлер
14
972
18.77
Сугат жерлер
15
1028
9.12
Сугат жерлер
16
1035
26.64
Сугат жерлер
17
1096
36
Сугат жерлер
18
1099
2.8
Сугат жерлер
19
1100
17.2
Сугат жерлер
20
1131
54.61
Сугат жерлер
21
884
8.7
Кайрак жер
22
577
26.78
Кайрак жер
23
593
54.6
Кайрак жер
24
595
66.2
Кайрак жер
25
1074
74.3
Кайрак жер
26
988
20
Кайрак жер
27
991
102.9
Кайрак жер
28
1042
10.4
Кайрак жер
29
1036
4.7
Кайрак жер
30
1049
2.4
Кайрак жер
31
626
4.62
Кайрак жер
32
395
12.4
Кайрак жер
33
978
70.2
Сугат жерлер
34
899
32.06
Сугат жерлер
35
356
1.1
Сугат жерлер (саздак жер)
36
354
8.8
Сугат жерлер (саздак жер)
37
974
13.1
Сугат жерлер
38
823
40
Сугат жерлер
39
998
17
Сугат жерлер
33
114
7
Көп жылдык көчөттөр
34
27
3
Чөп чабык
Всего
1171
Сугат жер – 773 га Кайрак жер – 388 га Көп жылдык көчөттөр -7 га Чөп чабык – 3 га.
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы
Э.К. Керимкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 26/IV-28 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун перспективдүү планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2021 · № 26/IV-28
4 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.