# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 162 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун жана (же) персонификациялоонун айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 162 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун жана (же) персонификациялоонун айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13505>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2783/edition/1184447/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13505.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 162 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун жана (же) персонификациялоонун айрым маселелери жөнүндө" токтому (24.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13505

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-августундагы № 473 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 15-апрели № 162 Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун жана (же) персонификациялоонун айрым маселелери жөнүндө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоо жана (же) персонификациялоо менен байланышкан мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. "Учкун" ачык акционердик коому, "ГОЗНАК" жоопкерчилиги чектелген коому жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Типография" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маанидеги документтерин жана атайын мамлекеттик бланктарын даярдоочулар болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен бирдикте он күндүк мөөнөттө мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында тийиштүү модулду иштеп чыксын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 351 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерине тиешелүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 351 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 351 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
