# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 160 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 160 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13504>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2782/edition/942710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13504.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 160 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө" токтому (15.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13504

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 15-апрели № 160 Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айылдык кеңешинин 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 25 токтомун, Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 17 токтомун, Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 20-сентябрындагы № 361-б буйругун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 26-сентябрындагы № ЭА-05-795 корутундусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жолдубаев Сүймөнкул Акбаралиевичтин жеке менчигинде турган жана Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл аймагында № 34 контурда жайгашкан 2,02 га ар кандай жерлер текстилдик тигүүчү фабриканы жайгаштыруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;

- жер участогуна карата укуктарды берүүнү жана белгиленген тартипте бекитилген шаар куруу документтерине ылайык жер участогун бөлүп берүүнү.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
