КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагында жайгашкан жерлерди „Айыл чарба багытындагы жерлер“ категориясынан „Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер“ категориясына которуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 15-апрели № 160 Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айылдык кеңешинин 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 25 токтомун, Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 17 токтомун, Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 20-сентябрындагы № 361-б буйругун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 26-сентябрындагы № ЭА-05-795 корутундусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жолдубаев Сүймөнкул Акбаралиевичтин жеке менчигинде турган жана Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл аймагында № 34 контурда жайгашкан 2,02 га ар кандай жерлер текстилдик тигүүчү фабриканы жайгаштыруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- жер участогуна карата укуктарды берүүнү жана белгиленген тартипте бекитилген шаар куруу документтерине ылайык жер участогун бөлүп берүүнү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Фрунзе айылдык кеңешинин 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 25 “Айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерге которуу жөнүндө» токтомуПостановление · 17.09.2018 · № 25
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон