# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 158 "Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Араван районунун Чек-Абад айыл аймагынын карамагындагы жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 158 "Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Араван районунун Чек-Абад айыл аймагынын карамагындагы жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2781/edition/942712/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13503.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 158 "Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Араван районунун Чек-Абад айыл аймагынын карамагындагы жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө" токтому (05.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13503

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-апрели № 158 Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Араван районунун Чек-Абад айыл аймагынын карамагындагы жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Араван районунун Чек-Абад айыл аймагынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 12-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Араван районунун Чек-Абад айылдык кеңешинин 2014-жылдын 18-февралындагы № 5 токтомун, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 25 токтомун, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Араван райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 25-майындагы № 40 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 16-июнундагы № 366-б буйругун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Араван районунун Чек-Абад айыл аймагынын карамагында жайгашкан, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунда турган 20,1 га кайрак айдоо (№ 641, 642, 428, 506 контурлар) жеке менчик турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Араван районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерге шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 16-апрелиндеги N 29 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
