1-статья
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 7, 229-ст) төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 222-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"222-статья. Жеке нотариустардын жана аудиторлордун ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануусу (1) Жеке нотариустун же жеке адудитордун өзүнүн ыйгарым укуктарын өзүнүн иш милдеттерине каршы жана өзү үчүн же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык табуу максатында, болбосо башка адамдарга зыян келтирүү менен пайдалануусу, эгерде мындай жосун жарандардын же уюмдардын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына, болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам тарабынан корголуучу таламдарына олуттуу зыян келтирсе, - эң аз айлык акынын бир жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салып, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укутунан ажыратуу менен, болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар көп жолу жасалганда, - үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. 30-глава төмөндөгүдөй мазмундагы "Кызматтык кылмыштар" деген 305-1-статья менен толукталсын:
"305-1-статья. Кыйноо Кайсы бир адамга андан маалымат алуу же аны мойнуна алдыруу, ал жасаган же жасады деп шек туудурган аракети үчүн аны жазалоо, ошондой эле коркутуу жана белгилүү бир аракеттерди жасоого мажбурлоо максатында атайылап уруп-сабаса же азапка салып кыйнаса, мындай аракет кызмат адамы тарабынан анын көрүп-билүүсү же макулдугу менен ар кандай башка адам тарабынан жасалса, - бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш жасоо укугунан ажыратуу менен же андай кылбай үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1350/st-1" title="1-статья - О внесении изменения и дополнения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>