# Чүй айылдык кенешинин 2021-жылдын 9-сентябрындагы № 6/5 "Чүй айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чүй айылдык кенешинин 2021-жылдын 9-сентябрындагы № 6/5 "Чүй айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6/5
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/134968>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11147/edition/1194793/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/134968.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чүй айылдык кенешинин 2021-жылдын 9-сентябрындагы № 6/5 "Чүй айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (09.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/134968

---

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2021-жылдын 9-сентябры № 6/5 Чүй айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө Чүй айыл аймагында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланышттын, энергетиканын, коргонуунун жерлерин жана башка максаттардагы жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) үчүн берилген материалдарды жана жерди бир категориядан экинчисине которуу боюнча 2021-жылдын 9-августундагы Чүй райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн комиссиянын корутундусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №169-токтому менен бекитилген 2014-жылдын 19-июнундагы «Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө» Убактылуу жобосу, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11 беренеси, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» № 101 мыйзамын жетекчилике алуу менен Чүй айылдык кенеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй айыл аймагынын Шамсы дарыясынын «Абдыл-Шамсинский» участогунан жалпы аянты 1,0 га болгон, анын ичинен № 301 (0,57 га), № 307 (0,40 га), №308 (0,03 га) контурларында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер жайыт категориясынан», «Өнөр жайдын, транспорттун, байланышттын, энергетиканын, коргонуунун жерлерин жана башка максаттардагы жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) жана капиталдык эмес кум жана шагыл аралашмасын иштетүү үчүн майдалоочу жана сүзүүчү жабдууларын орнотууга макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 «Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө» токтомуна ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү ЖЧК «Азад-Сервис» милдеттендирилсин.

3. Чүй айыл аймагынын Шамсы дарыясынын «Абдыл-Шамсинский» участогунан жалпы аянты 1,0 га болгон анын ичинен № 301 (0,57 га), № 307 (0,40 га), №308(0,03 га)контурларында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер жайыт категориясынан», «Өнөр жайдын, транспорттун, байланышттын, энергетиканын, коргонуунун жерлерин жана башка максаттардагы жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) жана капиталдык эмес курулуш кум жана шагыл аралашмасын иштетүү үчүн майдалоочу жана сүзүүчү жабдууларды орнотууга Чүй райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер комитетинин төрагасы Э. Сакаевге, жана Чүй айылдык кенешинин бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.

Төрага

Алиев Р.А.
