# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13495>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2773/edition/942070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13495.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (14.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13495

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 1-апрели № 150 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, экспорттук потенциалды арттырууну, Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу, эсепке алынган датаны аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы жана 1-пунктундагы "транспорттук контролдоону жана" деген сөздөр алып салынсын;

- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, экспорттук потенциалды арттырууну, Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу, эсепке алынган датаны аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";

- токтомдун 2 жана 6-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 3-пунктунда:

1) "транспорттук контролдоону жана" деген сөздөр алып салынсын;

2) экинчи абзацы "("Ак-Жол автожол")" деген сөздөрдөн кийин ", Чүй облусунун Чүй районунда ("Токмок автожол"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Кең-Булуң автожол"), Ысык-Көл облусунун Түп районунда ("Каркыра автожол")" деген сөздөр менен толукталсын;

- 4, 5, 7 жана 11-пункттарындагы "транспорттук контролдоонун жана" деген сөздөр алып салынсын;

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышындагы "транспорттук контролдоону жана" деген сөздөр алып салынсын;

- Тартиптин 1 жана 2-пункттарында түрдүү жөндөмөдөгү "транспорттук контролдоону жана" деген сөздөр алып салынсын;

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 11-декабрындагы № 226 "2015-жылдын 16-октябрында Бурабай поселогунда кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2015-жылдын 16-октябрындагы № 22 "Дүйнөлүк соода уюмуна Казакстан Республикасынын кошулуусу менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө" чечимине, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 18 тиркемесинин 20-пунктунун 3-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан. Тартип кыйыр салыктарды башкаруу максатында Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин биринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды өткөрүүнү эсепке алуу жол-жобосун аныктайт жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында жогоруда аталган ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды эркин өткөрүүгө тыюу салбайт (чектебейт). Ушул Тартип төмөнкүлөргө карата колдонулат:

1) ушул Тартиптин 3-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган ыйгарым укуктуу уюмдарга жана ушул Тартиптин 4-пунктунда каралган тартипте ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан өткөрүлүүчү товарларды жана алардын көлөмүн эсепке алуу жол-жобосуна;

2) мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу боюнча төмөнкү пункттарга:

- Талас облусунун Манас районунда ("Чоң-Капка автожолу"), Чүй облусунун Панфилов районунда ("Чалдыбар автожолу"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Ак-Тилек автожолу"), Чүй облусунун Аламүдүн районунда ("Ак-Жол автожолу"), Чүй облусунун Чүй районунда ("Токмок автожол"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Кең-Булуң автожол"), Ысык-Көл облусунун Түп районунда ("Каркыра автожол") транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу жана стационардык пункттарынын ар биринин иштеп баштаган күнүнөн тартып;

- Талас облусунун Манас районунда ("Кичи-Капка автожолу"), Чүй облусунун Жайыл районунда ("Жайыл автожолу"), Чүй облусунун Сокулук районунда ("Камышановка автожолу"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Кең-Булуң автожолу"), Чүй облусунун Чүй районунда ("Токмок автожолу"), Ысык-Көл облусунун Түп районунда ("Каркыра автожолу") транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу жана стационардык пункттарынын ар бирин орнотуу жөнүндө чечимдердин кабыл алынышына жараша.";

- 3 жана 4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Салык салуу жана товарларга байкоо жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына ташып киргизүү (импорттоо) датасын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды жана өткөрүлүүчү жүктөрдүн көлөмүн эсепке алуу салык кызматы органдары тарабынан төмөнкүлөр менен бирдикте жүзөгө ашырылат:

1) товарларды ташууда - убактылуу/стационардык пункттун ишине тартылган мамлекеттик органдар;

2) товарларды төмөнкүлөр аркылуу ташууда товарларды ташуу жана/же менчик ээсине (жүктү алуучуга) өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдар:

- темир жол транспорту - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы (ушул Тартиптин № 9 тиркемесине ылайык форма боюнча);

- аба транспорту - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому, же товарларды эсепке алуу жана/же жүк алуучуга өткөрүп берүү боюнча милдет жүктөлгөн агент (ушул Тартиптин № 9 тиркемесине ылайык форма боюнча).

4. Ыйгарым укуктуу салык органы менен Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, ыйгарым укуктуу уюмдардын ортосундагы маалымат алмашуу жана өз ара аракеттенүү ушул Тартиптин жана жогоруда аталган мамлекеттик органдардын жана ыйгарым укуктуу уюмдардын биргелешкен чечими менен бекитилген регламенттин негизинде ишке ашырылат.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:

"4-1. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып киргизүү (импорттоо) датасы болуп төмөнкүлөр саналат:

- товарларды темир жол транспорту менен ташууда - белгиленген станцияга келген дата;

- товарларды аба транспорту менен ташууда - ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан товарлар таризделген дата.";

- 12-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Салык органы арызды кароодо бир жумуш күндүн ичинде маалымкатты берүү жөнүндө же баш тартууну негиздөө менен маалымкатты берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат. Салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымкатты берүүдөн баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:

1) субъект тарабынан өткөн отчеттук мезгилдер үчүн салык отчетторунун берилбегендиги;

2) тигүү жана текстиль тармагынан тышкары, ыктыярдуу патенттин негизинде ишкердик жүргүзүү.";

- ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакциядагы 9-тиркеме менен толукталсын;

- жогоруда аталган Тартиптин 1-8-тиркемелериндеги "транспорттук контролдоону жана" деген сөздөр алып салынсын;

2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев

1-тиркеме

"Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине 9-тиркеме

Форма

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу темир жол/аба транспорту менен товарларды өткөрүүнү эсепке алуу ЖУРНАЛЫ Станциянын/аэропорттун аталышы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

№

Жазылган дата

Станциянын, аэропорттун аталышы

Жүк алуучу тууралуу маалымат

Инвойс эсеп-фактурасынын № жана датасы

Жүк тууралуу маалымат

Жүк жөнөтүүчү тууралуу маалымат

Аталышы

ИСНи

КодУ

МСКБ коду

ТЭИ ТН боюнча товардын тобунун коду

Жүктүн аталышы

Өлчөө бирдиги

Көлөмү (салмагы)

Жүктүн максаттуу багыты

Жүктүн түрү (консолидацияланган - "К", консолидацияланбаган - "КЭ")

Ташып кирүү белгиси (убактылуу ташып кирүү - "У", башкасы - "-")

Жөнөткөн өлкө

Субъекттин аталышы

Субъекттин ИСНи

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

16

17

18

".

2-тиркеме

"2-тиркеме

Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуунун убактылуу/стационардык пункттары аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү, коштомо кагазды милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеси жана товарларды ташып киргизүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер

№

ТЭИ ТН коду

Позициянын аталышы

Өлчөө бирд.

Саны

1

01

Бодо мал

баш

3

2

Кой-эчки

баш

5

3

Башка тирүү жаныбарлар

баш

10

4

02

Бодо малдын эти

кг

20

5

Кой-эчкинин эти

кг

20

6

Канаттуулардын эти

кг

20

7

Башка эт жана тамак-аштык эт субазыктары

кг

20

8

Тирүү балык

кг

20

9

Тоңдурулган балык

кг

20

10

Башка балыктар жана рак сымалдар, моллюскалар жана суудагы башка омурткасыздар

кг

20

11

04

Сүт азыктары

литр

20

12

Ак май

кг

20

13

Сыр жана быштак

кг

20

14

Жумуртка

даана

60

15

Накта бал

кг

10

16

Малдан алынуучу башка тамак-аш азыктары

кг

20

17

07

Картошка

кг

50

18

Томаттар

кг

50

19

Пияз

кг

50

20

Капуста

кг

50

21

Сабиз

кг

50

22

Бадыраң

кг

50

23

Буурчак жашылчалары

кг

50

24

Башка жашылчалар жана айрым жегенге жарамдуу тамыры жемиш өсүмдүктөр жана жемиш тамырдуу өсүмдүктөр

кг

50

25

08

Жаңгактар

кг

25

26

Банандар

кг

25

27

Курма, инжир, ананас, авокадо, гуайява, манго

кг

25

28

Цитрус мөмөлөрү

кг

25

29

Жүзүм

кг

25

30

Коон, дарбыз

кг

50

31

Алма, алмурут жана айва

кг

25

32

Кызыл өрүк, алча жана гилас, шабдаалы, кара өрүк

кг

25

33

Башка жемиштер, жегенге болуучу жемиштер жана жаңгактар; цитрус мөмөлөрүнүн кабыгы же коондун кабыгы

кг

25

34

09

Кофе

кг

10

35

Чай

кг

10

36

Башка кофе, чай, мате, же парагвай чайы жана татымалдар

кг

10

37

10

Буудай

кг

300

38

Кара буудай

кг

300

39

Арпа

кг

300

40

Сулу

кг

300

41

Жүгөрү

кг

300

42

Күрүч

кг

100

43

Башка дандар

кг

300

44

11

Ун

кг

50

45

Угут

кг

100

46

Крахмал

кг

100

47

Ун-акшак өнөр жайынын башка азыктары

кг

50

48

15

Малдан жана өсүмдүктөн алынуучу тоң майлар жана суюк майлар

кг

30

49

Өсүмдүктөн же малдан алынуучу башка тоң майлар жана суюк майлар

кг

30

50

16

Колбасалар

кг

20

51

Эт субазыктары

кг

20

52

Даяр же консерваланган балык

кг

20

53

Эттен, балыктан жасалган башка даяр азыктар

кг

20

54

17

Кант

кг

50

55

Кондитер азыктары

кг

50

56

Канттан жасалган башка азыктар

кг

50

57

19

Ундан жасалган даяр тамак-аш азыктары

кг

50

58

Макарон азыктары

кг

50

59

Нан, ундан жасалган кондитер азыктары

кг

50

60

Ундан жасалган башка кондитер азыктары

кг

20

61

22

Минералдуу жана газдалган суулар

литр

20

62

Угуттуу пиво

литр

20

63

Жүзүм шарабы

литр

10

64

Спирт ичимдиктери

литр

10

65

Этил спирти

литр

10

66

Уксус

литр

10

67

Башка алкоголдуу жана алкоголсуз суусундуктар

литр

20

68

24

Тамеки сырьесу

кг

10

69

Башка тамеки жана өнөр жайлык тамекини алмаштыруучулар

кг

10

70

25

Туз

кг

20

71

Мрамор, травертин

кг

200

72

Гранит

кг

200

73

Майда таш, гравий, шагыл же майдаланган таш

кг

2000

74

Гипс

кг

300

75

Акиташ

кг

300

76

Портландцемент, цемент

кг

200

77

Цемент

кг

200

78

Асбест

кг

300

79

Башка топурак жана таш, шыбак материалдары

кг

500

80

27

Таш көмүр, брикеттер

кг

2000

81

Кокс

кг

2000

82

Автомобиль бензини

литр

Бак жана 20

83

Дизель отуну

литр

Бак жана 20

84

Мотор майлары

литр

30

85

Башка отундар

литр

Жогоруда көрсөтүлгөн позициялардан ашпаган санда

86

30

Дары каражаттары

даана

Эки аталышта, 10 даанадан ашык эмес

87

Башка фармацевт продукциясы

даана

Эки аталышта, 10 даанадан ашык эмес

88

31

Малдан же өсүмдүктөн алынуучу жер семирткичтер

кг

1000

89

Башка жер семирткичтер

кг

1000

90

32

Сырлар жана лактар; шпатлевка, мастика

литр

30

91

Башка боёочу заттар; мастика; полиграфия боёгу, сыя, тушь

литр

20

92

33

Атыр

таңгак

Эки аталышта, 3төн ашык эмес

93

Атырлуу суу

таңгак

Эки аталышта, 3төн ашык эмес

94

Башка эфир майлары жана резиноиддер; парфюмердик, косметикалык же атыр каражаттары

таңгак

Эки аталышта, 3төн ашык эмес

95

34

Самын

таңгак

20

96

Башка жуучу каражаттар, үстүңкү-активдүү органикалык заттар, жуучу каражаттар, майлоочу материалдар, жасалма жана даяр момдор, тазалоо же жылмалоо үчүн курамдар, шамдар жана окшош буюмдар, жабыштырып жасоо үчүн пасталар, пластилин "тиш дарыгеринин мому" жана тиш дарыгеринин гипстин негизиндеги курамдары

кг

20

97

36

Фейерверктер

даана

20

98

Башка пиротехникалык буюмдар

даана

20

99

39

Түтүктөр, түтүкчөлөр, шлангдар жана алардын фитингдери, пластмассадан жасалган

даана

50

100

Ванналар, душтар, раковина, биде, унитаздар, пластмассадан жасалган

даана

2

101

Пластмассадан жасалган ашкана идиштери

даана

50

102

Пластмассадан жасалган башка буюмдар

даана

50

103

40

Жаңы резина шиналары жана покрышкалары

даана

4

104

Мурда колдонулган резина шиналары жана покрышкалары

даана

4

105

Резина камералары

даана

8

106

Башка каучук, резина жана алардан жасалган буюмдар

даана

5

107

41

Бодо малдын иштетилбеген терилери

даана

5

108

Кой-эчкинин иштетилбеген терилери

даана

5

109

Ийленген булгаары

даана

2

110

Башка иштетилбеген терилер (накта мехтен тышкары) жана өңдөлгөн булгаары

даана

5

111

42

Саквояждар, чемодандар, аялдардын сумкалары

даана

5

112

Накта булгаарыдан жасалган башка буюмдар (жибек куртунун фиброининин буласынан тышкары)

даана

5

113

44

Иштетилбеген жыгач материалдары

м3

10

114

Тактайлар

м3

10

115

Желимделген фанера

м3

10

116

Башка жыгачтар жана алардан жасалган буюмдар; жыгач көмүрү

м3

10

117

46

Токулган жана токуу үчүн материалдан жасалган ошол сыяктуу буюмдар

даана

10

118

Башка токулган буюмдар

даана

10

119

47

Жыгачтан же башка булалуу целлюлоза материалдарынан масса; регенирленген кагаз же картон

м3

5

120

48

Кагаз жана картон; кагаз массасынан, кагаздан же картондон буюмдар

даана/кг

10 же 50

121

49

Басма китептери, гезиттер, репродукциялар жана полиграфия өнөр жайынын башка буюмдары

даана

10

122

Башка басма продукциясы

даана/кг

10 же 50

123

50

Жибек

кг/метр

20

124

Жибектен жасалган башка буюмдар

кг/метр

20

125

51

Жүн

кг

20

126

Жүн жиптен жасалган кездемелер

кг/метр

10

127

52

Пахта

кг

20

128

Пахтадан жасалган башка буюмдар

даана

10

129

55

Синтетика булаларынан жасалган кездемелер

кг/метр

10

130

Химиялык буладан жасалган башка буюмдар

даана

10

131

57

Килемдер

даана

2

132

Башка килемдер жана полго салынуучу текстиль жабуулары

даана

2

133

59

Линолеум

метр

10

134

Башка текстиль материалдары

метр

10

135

61

Пальто, кыска пальто, жамынма, плащтар, күрмөлөр, ветровкалар, штормовкалар

даана

2

136

Костюмдар, комплекттер, пиджактар, блайзерлер, шымдар, комбинезондор

даана

2

137

Көйнөктөр

даана

10

138

Блузкалар, блузылар

даана

10

139

Кальсондор, трусылар, ич көйнөктөр, пижамалар, мончого кийүүчү халаттар, үйдө кийүүчү халаттар

даана

10

140

Майкалар, жеңи менен фуфайкалар жана башка машина же кол менен токулган трикотаж фуфайкалар

даана

10

141

Свитерлер, пуловерлер, кардигандар, жилеттер

даана

5

142

Балдар кийими

даана

10

143

Спорттук костюмдар

даана

5

144

Колготкилер, чулкилер, гольфалар, байпактар

даана

20

145

Мээлейлер, кол каптар

даана

5

146

Башка кийим предметтери

даана

5

147

63

Жууркандар жана пледдер

даана

5

148

Ич кийим

даана

10

149

Көшөгө

даана

5

150

Брезенттер; чатырлар

даана

2

151

Башка даяр текстиль буюмдары

даана

5

152

64

Бут кийим

даана

10

153

Башка бут кийим

даана

10

154

65

Шляпалар

даана

3

155

Башка баш кийимдер жана алардын бөлүктөрү

даана

3

156

66

Зонттор

даана

5

157

Күндөн коргоочу башка зонттор, тросттор, тросттор-отургучтар, атка минүү үчүн чыбыктар, камчылар жана алардын бөлүктөрү

даана

5

158

68

Брусчатка, бордюр таштары жана плиталары

даана

200

159

Иштетилген таш

даана

200

160

Цементтен, бетондон же жасалма таштан жасалган буюмдар

даана

200

161

Таштан, гипстен, цементтен, асбесттен, слюдадан же ушуларга окшош материалдардан жасалган башка буюмдар

даана

100

162

69

Кыштар, блоктор, плиткалар

даана

500

163

Отко чыдамдуу кыштар

даана

500

164

Башка керамика буюмдары

даана

5

165

70

Айнек тактасы

даана

10

166

Айнек күзгүлөр

даана

5

167

Ашкана идиши

даана/компл.

20/3

168

Айнектен башка буюмдар жана алардан жасалган буюмдар

даана/компл.

20/3

169

71

Табигый же жасалма бермет, өстүрүлгөн, кымбат баалуу же жарым-жартылай кымбат баалуу таштар, кымбат баалуу металлдар, кымбат баалуу металлдар менен жасалгаланган металлдар жана алардан жасалган буюмдар; бижутерия; тыйындар

даана

10

170

Кымбат баалуу металлдардан жана таштардан жасалган башка буюмдар

даана

10

171

72

Кара металлдар

кг

1000

172

Башка кара металлдар

кг

1000

173

73

Кара металлдардан жасалган буюмдар

даана

1000

174

Кара металлдардан жасалган башка буюмдар

даана

1000

175

74

Жез жана андан жасалган буюмдар

кг

1000

176

Башка жез жана андан жасалган буюмдар

даана

1000

177

76

Алюминий жана андан жасалган башка буюмдар

кг

1000

178

Башка алюминий жана андан жасалган буюмдар

кг

1000

179

78

Коргошун жана андан жасалган буюмдар

кг

1000

180

Башка коргошун жана андан жасалган буюмдар

кг

1000

181

82

Кымбат баалуу эмес металлдардан жасалган аспаптар, керек-жарактар, бычак буюмдары, кашыктар жана аш айрылар, кымбат баалуу эмес металлдардан жасалган алардын бөлүктөрү

даана

50

182

83

Кымбат баалуу эмес металлдардан жасалган башка буюмдар

даана

10

183

84

От казандар

даана

2

184

Насостор

даана

2

185

Машиналар, жабдуулар жана станоктор

даана

2

186

Аспаптар

даана

10

187

Башка жабдуулар жана механикалык түзүлүштөр

даана

2

188

85

Кыймылдаткычтар

даана

2

189

Трансформаторлор

даана

2

190

Аккумуляторлор

даана

3

191

Башка электр машиналары жана жабдуулар, алардын бөлүктөрү, үн жазуучу жана үн чыгаруучу аппаратура, телевизиондук сүрөттөрдү жана үндөрдү жазуу жана көрсөтүү үчүн аппаратура, алардын бөлүктөрү жана буюмдары

даана

2

192

87

Темир жол же трамвайынын кыймылдуу курамынан тышкары, жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттары жана алардын бөлүктөрү жана буюмдары

даана

1

193

Башка транспорт каражаттары жана алардын бөлүктөрү

даана

1

194

89

Кемелер, кайыктар

даана

1

195

Башка сүзүүчү конструкциялар

даана

1

196

90

Оптикалык, фотографиялык, кинематографиялык, өлчөө, контролдоо, прецизиондук, медициналык же хирургиялык аспаптар жана аппараттар; жана алардын бөлүктөрү жана буюмдары

даана

5

197

Башка приборлор жана түзүлүштөр

даана

5

198

91

Бардык түрдөгү сааттар жана алардын бөлүктөрү

даана

5

199

92

Музыкалык аспаптар; алардын бөлүктөрү жана буюмдары

даана

5

200

94

Эмерек

даана

2

201

Медициналык, хирургиялык, стоматологиялык же ветеринариялык эмеректер

даана

2

202

Матрас үчүн негиздер; шейшеп-жаздык каптар жана ушул сыяктуу эмерек буюмдары

даана

10

203

Башка эмеректер жана анын бөлүктөрү

даана

2

204

95

Оюнчуктар, оюндар жана спорттук инвентарь жана алардын бөлүктөрү жана тетиктери

даана

10

205

97

Көркөм өнөр чыгармалары, коллекциялоо предметтери жана антиквариат

даана

5

Эскертүү: Адамдын товар алып өтүүсүнүн кайталанышы ошол эле адам суткасына бир жолудан ашпаган санда өтүүсү менен аныкталган. Ушул тизме төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:

1) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө тыюу салынган же чектелген товарларга;

2) ишкердик максаттарда колдонулган товарларга.".
