# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13494>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2772/edition/942072/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13494.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13494

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 29-марты № 149 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоонун даректүүлүгүн жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жободо:

- мамлекеттик тилдеги текстинде:

32-пунктунун биринчи жана үчүнчү абзацтарындагы "жалпы кирешеси" деген сөздөр "жыйынды кирешеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын; жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинин 1-пунктунун 4-пунктчасындагы "жалпы кирешеси" деген сөздөр "жыйынды кирешеси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жободо:

- 5-пунктунун 2-пунктчасы "салык органдары тарабынан берилген патенттин" деген сөздөрдөн кийин "(багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентине берилүүчү ыктыярдуу патенттен тышкары)" деген сөздөр менен толукталсын;

- 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 13-14-пунктчалар менен толукталсын:

"13) үй-бүлөнүн бакубаттыгын жакшыртууга жана үй-бүлөнү турмуштук оор кырдаалдан чыгарууга багытталган долбоорлордун алкагында үй-бүлөгө натуралык же акчалай түрдө көрсөтүлгөн жардамдын суммасы;

14) багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнүн акысы.";

- мамлекеттик тилдеги текстинде:

2-пунктундагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "жалпы киреше" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "жыйынды киреше" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 9 жана 10-пункттарындагы "жалпы кирешесин" деген сөздөр "жыйынды кирешесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

## 6-главасынын аталышындагы "жалпы кирешесин" деген сөздөр "жыйынды кирешесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

## 7-главасынын аталышындагы "Жалпы кирешени" деген сөздөр "Жыйынды кирешени" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

17-пунктундагы "жалпы кирешесин" деген сөздөр "жыйынды кирешесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

## 8-глава

сынын аталышындагы жана 18-пунктундагы "жалпы кирешесин" деген сөздөр "жыйынды кирешесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

## 9-глава

сынын аталышындагы жана 21-пунктундагы "жалпы кирешесин" деген сөздөр "жыйынды кирешесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

## 10-глава

сынын аталышындагы жана 22, 23-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "жалпы киреше" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "жыйынды киреше" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 27-29, 31 жана 33-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "жалпы киреше" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "жыйынды киреше" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

## 11-глава

сынын аталышындагы жана 34-пунктундагы "жалпы кирешесин" деген сөздөр "жыйынды кирешесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 36-пунктундагы "Жалпы киреше" деген сөздөр "Жыйынды киреше" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
