Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Балта шаардык кеңешинин «2020-жылга карата Кара-Балта шаарынын БМжанаБ тобунун аткарылган иштер жөнүндө» тескемеси
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 18-октябры № 04 2020-жылга карата Кара-Балта шаарынын БМжанаБ тобунун аткарылган иштер жөнүндө "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 31, 36 - беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын 05.09.2019 – ж. № 01-18-84 Буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин аткарылышы боюнча ЖӨБО жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен жана координацияланган аракеттерин ишке ашыруу максатында, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
БУЮРМА КЫЛАТ:
1. БМжанаБ топтун төрайымы М.К.Токтуеванын Кара-Балта шаарынын БМжанаБ тобунун 2020-жылга карата аткарылган иштер жөнүндө маалыматы, № 1 тиркемеге ылайык эске алынсын.
2. Кара-Балта шаарынын мэриясы, БМжанаБ тобунун актыларында көрсөтүлгөн мэриянын жана структуралык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик сатып алуулар, алып барылган иштери жана кызматтары боюнча депутаттардын эскертүүлөрүнө жана толуктоолоруна ылайык кемчиликтер жокко чыгарылсын.
3. 2019 – жылдын 28 ноябрындагы “ЖӨБ органдарынын жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө”, "Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ЖӨБ органдарынын ишмердүүлүгүнө биргелешкен мониторинг жана баа берүү жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу” КБШК токтомунун No 3-тиркемесине өзгөртүүлөр киргизилсин.
4. Бул буюрманын аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча; уюштуруу-укуктук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссияларга, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б. Шакирбаевге жүктөлсүн.
___________________________________________________________________________________ Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, Кара-Балта ш. мэриясына, Кара-Балташаарынын БМжанаБ тобуна
Кеңештин төрагасы
А. Байсариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон