# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 04 "Кара-Балта шаарынын мэриясы бир жолку материалдык жардам берүүнүн тартиби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 04 "Кара-Балта шаарынын мэриясы бир жолку материалдык жардам берүүнүн тартиби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 04
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/134901>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11084/edition/1194427/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/134901.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 04 "Кара-Балта шаарынын мэриясы бир жолку материалдык жардам берүүнүн тартиби жөнүндө" токтому (18.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/134901

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2021-жылдын 18-октябры № 04 Кара-Балта шаарынын мэриясы бир жолку материалдык жардам берүүнүн тартиби жөнүндө «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 31, 36 – беренелерине ылайык, Кара-Балта шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча комиссиясынын ишин жөнгө салуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майындагы № 264 Токтомунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кара-Балта шаарынын мэриясынын бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө” жобо, № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бир жолку даректүү материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражаттын көлөмү жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын көлөмүнүн 0,3 % ашпоого тийиш (аткаруу бийлигинин акы төлөнүүчү кызматтарынын суммасынан, резервдик бюджеттен каражаттарды кошпогондо)

3. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б. Шакирбаевге жүктөлсүн.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, Кара-Балта шаарынын мэриясына.

Кеңештин төрагасы

А. Байсариев
