Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаарынын мэриясы бир жолку материалдык жардам берүүнүн тартиби жөнүндө» токтому
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2021-жылдын 18-октябры № 04 Кара-Балта шаарынын мэриясы бир жолку материалдык жардам берүүнүн тартиби жөнүндө «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 31, 36 – беренелерине ылайык, Кара-Балта шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча комиссиясынын ишин жөнгө салуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майындагы № 264 Токтомунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Балта шаарынын мэриясынын бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө” жобо, № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бир жолку даректүү материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражаттын көлөмү жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын көлөмүнүн 0,3 % ашпоого тийиш (аткаруу бийлигинин акы төлөнүүчү кызматтарынын суммасынан, резервдик бюджеттен каражаттарды кошпогондо)
3. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б. Шакирбаевге жүктөлсүн.
__________________________________________________________ Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, Кара-Балта шаарынын мэриясына.
Кеңештин төрагасы
А. Байсариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майы № 264 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү…Постановление · 21.05.2014 · № 264
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.