Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 16 февраля 2024 года № 58 "Об утверждении Порядка государственной регистрации (перерегистрации) и регистрации прекращения деятельности юридических лиц, филиалов (представительств) в электронной форме"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-02-16.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 26-февралы № 94 Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасын ишке ашыруу максатында, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) менен биргеликте 2019-жылдын 1-мартынан тартып 2020-жылдын 1-январына чейинки мезгилде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзсүн.
2. Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоонун убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- пилоттук долбоорду ишке ашырууга байланышкан уюштуруучу-техникалык жана башка чараларды көрсүн;
- калк арасында пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө түшүндүрүү жана маалымдоо иштерин жүргүзсүн;
- пилоттук долбоордун натыйжасы оң болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоонун тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- "Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби жөнүндө" Нускама" (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын…Инструкция · 29.12.2023 · № 733
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 58 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра…Постановление · 16.02.2024 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Юридикалык жактарды электрондук формада мамлекеттик каттоонун УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-февралындагы N 94 токтому менен бекитилген)Порядок · 26.02.2019 · № 94 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 16.02.24 ж. №58 токтомуПостановление · 16.02.2024 · № 58
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы ПЖ № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.01.2019 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 58 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра…Постановление · 16.02.2024 · № 58 · Күчүн жоготкон