# Кайыңды шаардык кенешинин 2021-жылдын 25-майындагы № 16/III-8 "Кайыңды шаарынын жүргүнчүлөрүн ташуучу коомдук автоунаасынын тарифин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кенешинин 2021-жылдын 25-майындагы № 16/III-8 "Кайыңды шаарынын жүргүнчүлөрүн ташуучу коомдук автоунаасынын тарифин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16/III-8
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/134863>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11046/edition/1194165/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/134863.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кенешинин 2021-жылдын 25-майындагы № 16/III-8 "Кайыңды шаарынын жүргүнчүлөрүн ташуучу коомдук автоунаасынын тарифин бекитүү жөнүндө" токтому (25.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/134863

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2021-жылдын 25-майы № 16/III-8 Кайыңды шаарынын жүргүнчүлөрүн ташуучу коомдук автоунаасынын тарифин бекитүү жөнүндө “Жумадил” жоопкерчилиги чектелген уюмунун “Жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуунун тарифин бекитип берүү жөнүндө” кайрылууларын, №334 “Бишкек-Кайыңды, №329 Кара-балта- Кайыңды багыттары боюнча каттамдардын жүргүнчүлөрдү ташуудагы өздүк наркын карап чыгып, аталган багыттар боюнча каттамдардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 12-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “ “Автомобилдик транспорт жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кайыңды шаардык кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1. Кайынды шаарынын аймагынан жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук автоунааларга (маршруттук таксилерге) тарифтер төмөнкү тартипте бекитилсин:

- Маршрут 334 “Кайыңды-Бишкек” багыты боюнча каттамга бир адам үчүн бир тарабына 80 (сексен) сом ;

- Маршрут 329 “Кайыңды-Кара-Балта” багыты боюнча каттамга бир адам үчүн бир тарабына 30 (отуз) сом;

2. 2019-жылдын 05-мартындагы №94/ХХVIII-2 токтом жокко чыгарылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Иманкулов Э.Т.
