# Кайыңды шаардык кеңешинин 2021-жылдын 25-августундагы № 12/III-4 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментине жер тилкесин бекер пайдалунууга берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кеңешинин 2021-жылдын 25-августундагы № 12/III-4 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментине жер тилкесин бекер пайдалунууга берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12/III-4
- Кабыл алынган күнү: 25.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/134859>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11042/edition/1194117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/134859.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кеңешинин 2021-жылдын 25-августундагы № 12/III-4 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментине жер тилкесин бекер пайдалунууга берүү жөнүндө" токтому (25.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/134859

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2021-жылдын 25-августу № 12/III-4 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментине жер тилкесин бекер пайдалунууга берүү жөнүндө” Панфилов райондук сотунун катын карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында соттордун жаңы имараттарын куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө Жогорку Сотунун Төрагасынын мамлекеттик башкаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иш жүргүзү жөнүндө тапшырмасын эске алып. Республикасынын Мыйзамынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 4-беренесине, 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14.25- беренесине ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1. Кайыңды шаарынын мэрияснын алдында муницпалдык менчик боюнча бөлүмүнүн муниципалдык менчигинде турган Гагарина 1/1 дарегинде жайгашкан аянты 2806,0м2 жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Панфилов райондук сотунун жаны имаратын курууга берилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайынды шаардык кеңешинин жер жана турак-жай маселелери боюнча депутаттарынын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Иманкулов Э.Т.
