# Кайыңды шаардык кеңешинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 8/II-4 "Саламаттыкты сактоо бөлүмүн ачуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кеңешинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 8/II-4 "Саламаттыкты сактоо бөлүмүн ачуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8/II-4
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/134855>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11038/edition/1194109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/134855.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кеңешинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 8/II-4 "Саламаттыкты сактоо бөлүмүн ачуу жөнүндө" токтому (07.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/134855

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2021-жылдын 7-июну № 8/II-4 «Саламаттыкты сактоо бөлүмүн ачуу жөнүндө» Кайыңды шаарынын мэриясынын каржы жана үнөм бөлүмүнүн башчысынын малыматын угуп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу имаратты тейлөө үчүн, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесин жетекчиликке алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1. Жергиликтүү бюджеттен каржылоо үчүн регионалдык казыналык кеңсесинде казыналык жеке эсеп ачууга уруксат берилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Иманкулов Э.Т.
