# Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин 2021-жылдын 4-февралындагы № 29-4 "“CASA-1000” долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Он- Эки- Бел айылдык кеңешинин (6 чакырылышынын) кезектеги 23-сессиясынын 2020-жылдын 16-мартындагы №23-1-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин 2021-жылдын 4-февралындагы № 29-4 "“CASA-1000” долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Он- Эки- Бел айылдык кеңешинин (6 чакырылышынын) кезектеги 23-сессиясынын 2020-жылдын 16-мартындагы №23-1-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 29-4
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/134851>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-11034/edition/1194151/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин 2021-жылдын 4-февралындагы № 29-4 "“CASA-1000” долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Он- Эки- Бел айылдык кеңешинин (6 чакырылышынын) кезектеги 23-сессиясынын 2020-жылдын 16-мартындагы №23-1-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (04.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/134851

---

ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги-XXIX сессиясынын 2021-жылдын 4-февралы № 29-4 “CASA-1000” долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Он- Эки- Бел айылдык Кеңешинин (6 чакырылышынын) кезектеги 23-сессиясынын 2020-жылдын 16-мартындагы №23-1-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Он- Эки- Бел айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин (6 чакырылышынын) кезектеги 23-сессиясынын 2020-жылдын 16-мартындагы №23-1 токтому төмөнкү редакцияда кабыл алынсын:

1. Он-Эки-Бел айыл аймагынан өтүүчү “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу үчүн 10 даана тирөөчтөрүн орнотуу үчүн №1339, 1311, 1300, 1299, 1278, 1273, 1260, 1248, 1249, 1240, 1021, 1026 контурларында жайгашкан жалпы 3690 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган жайыт жер участокторун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жер адиси И.Калмурзаев долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы К. Турсункуловго тапшырылсын.

Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы :

Д.Кантов.
