# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 154 "Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 154 "Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13484>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2767/edition/1211347/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13484.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 154 "Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13484

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 1-апрели № 154 Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 629 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасында эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин имплементациялоо боюнча сунуштарды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

- Комиссиянын ишин уюштурууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;

- жыл сайын Комиссиянын аткарган иши жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 629 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Комиссиянын курамына кирген Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору:

- жалпылоо жана андан ары жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүү үчүн квартал сайын Эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин имплементациялоо боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты-отчетту кагаз жана электрондук сактагыч менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине беришсин;

- ушул токтомдун жоболорунун так аткарылышын камсыз кылышсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 629 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-июнундагы № 361 "Кыргыз Республикасында эл аралык гуманитардык укуктун нормаларын имплементациялоо боюнча сунуштарды жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 10-мартындагы № 136 "Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо тармагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 9-апрелиндеги № 26-27 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев
