Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Айыл чарбасын каржылоо – 7» долбоорун бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 28-январы № 28 «Айыл чарбасын каржылоо – 7» долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жана жеке адамдарына 2019-жылдын айыл чарба жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, мал чарбачылыгын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү мындан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн «Биримдик, ишеним, жаратмандык» программасынын алкагында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Айыл чарбасын каржылоо – 7» долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- «Айыл чарбасын каржылоо – 7» долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар менен пайыздык ставкаларды субсидиялоо жөнүндө тиешелүү макулдашууларды түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин каражаттарынан субсидияларды каржыласын, ошондой эле «Айыл чарбасын каржылоо – 7» долбоорун кийинки жылдарга (субсидиялардын экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи транштарын) каржылоону караштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, «Айыл чарбасын каржылоо – 7» долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар (макулдашуу боюнча) менен бирге «Айыл чарбасын каржылоо – 7» долбоорунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн жана жыйынтыгын 2020-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү боюнча ПРОГРАММА (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Программа · 27.06.2019 · № 321
- "Айыл чарбасын каржылоо - 7" долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 28 токтомуна тиркемеПроект · 28.01.2019 · № 28
- "ОСНОВНЫЕ НАПРАВЛЕНИЯ фискальной политики Кыргызской Республики на 2020-2022 годы" к постановлению Правительства Кыргызской Республики от 12 сентября 2019 года № 469Направления · 12.09.2019 · № 469
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон