# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 145 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмесин жана аларды сактоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 145 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмесин жана аларды сактоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13468>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2764/edition/935833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13468.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 145 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмесин жана аларды сактоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13468

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 29-марты № 145 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмесин жана аларды сактоо тартибин бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан тышкары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмеси, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттарды сактоо тартиби, 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

М.Абылгазиев

1-тиркеме

Улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан тышкары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын ТИЗМЕСИ

1. Резина таяктары (ПР-73)

2. "Робокоп" тибиндеги массалык тартип бузууда соккудан коргонуучу костюм

3. 12 мм помпа мылтыгы

4. 12 мм резина октору

5. Калкан (түзсүз, металл)

6. Электршокер

7. Калкан БЗТ-75

8. Пластик кол кишендери

9. БР-2 буюму (кол кишен)

10. 38 мм КС карабини

11. 38 мм металл эмес картечи менен резина октору

12. Жарык-үн чыгаруучу кол гранаталар

13. "Пламя-М" жарык-үн чыгаруучу кол граната

14. Жаш агызуучу заты бар жарык-үн чыгаруучу кол граната

15. "Черемуха-10" тибиндеги аэрозоль чачыратмасы

16. "Ford Ranger" күжүрмөн машинасы

17. "Еж" тибиндеги автотранспортту токтотуучу түзүлүш

18. Ар түрдүү типтеги соот чопкуттар

19. Жеңилдетилген чопкуттар

20. Ок өтпөс кевлар шлемдери

21. "ВЭК-Грот" жардыруу техниктин коргоочу костюму

22. "Грот" сапердун коргоочу костюму

23. Ар түрдүү модификациядагы противогаздар

24. Ар түрдүү модификациядагы химиялык коргоо костюмдары

25. БТР-60 ПБ, БТР-70, БТР-70 У, БТР- 80 бронетранспортерлору

26. БРДМ-2 күжүрмөн чалгындоочу кайгуул машинасы

27. БМП-1, БМП-2 жөө аскердин күжүрмөн машинасы

28. Кызматтык жаныбарлар
