Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сакалды айыл кеңешинин «Айыл өкмөттүн архив иши жөнүндө» токтому
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Сакалды айыл кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы 2021-жылдын 8-февралы № 5 Айыл өкмөттүн архив иши жөнүндө Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы №499 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын улуттук Архив фонду жөнүндө Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн иш кагаздарынын номенклатурасына ылайык документтерди сактоо,алардын эсебин алуу,иретке келтирүү жана пайдалануу, ошондой эле мамлекеттик сактоого өткөрүүгө даярдоо үчүн атайын архив бөлмөсү талапка ылайык абалда кармалсын(жарыкты тосмолоо,жылуулук,температуралык нымдуулук режимин жөнгө салуучу прибор,өрткө каршы шайман,терезени карангылатуу ж.б)
2. Айыл өкмөттүн штаттык курамында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтому менен айыл өкмөттүн типтүү түзүмүндө архивариус бирдиги каралбаганына байланыштуу айыл өкмөттүн архивариус милдети кошумча милдет катары айыл өкмөттүн адистеринин бирине жүктөлсүн.Бул жумуштарга жумуш акы жана архивдин зарыл чыгымдары мыйзамда тыюу салынбаган булактардан каржылансын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Масировго жүктөлсүн.
Сакалды айылдык кеңешинин төрагасы:
Д.Бекназаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 05.08.2011 · № 451 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 499 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү…Постановление · 09.09.2013 · № 499 · Күчүн жоготкон