# Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 27-октябрындагы № 16 "Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 27-октябрындагы № 16 "Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/134494>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-10780/edition/1191081/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/134494.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 27-октябрындагы № 16 "Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/134494

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы (V чакырылыш) 2021-жылдын 27-октябры № 16 Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-сентябрындагы №704 жана 2021-жылдын 28-сентябрындагы №714 токтомдорунун негизинде, ошондой эле Ош шаардык кеңешинин Регламентинин 39, 40 пункттарын жетекчиликке алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:

1. Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиялардын курамына төмөндөгүчө өзгөртүүлөр киргизилсин:

- транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан «Ата-Журт Кыргызстан» депутаттык фракциясынын мүчөлөрү Кокочоров Долатбек Курманбекович жана Эргешов Бекмурза Аскарбекович чыгарылып, алардын ордуна «Ата-Журт Кыргызстан» депутаттык фракциясынын мүчөлөрү Жолдошбаев Бакай Сагынбаевич жана Баетов Болот Таалайбекович комиссиянын курамына киргизилсин;

- мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан «Ата-Журт Кыргызстан» депутаттык фракциясынын мүчөсү Исмаилов Нурбек Даткабаевич чыгарылып, анын ордуна келген «Ата-Журт Кыргызстан» депутаттык фракциянын мүчөсү Бакир уулу Шахназар комиссиянын курамына киргизилсин.

2. «Ата-Журт Кыргызстан» депутаттык фракциясынын мүчөсү Бакир уулу Шахназар 2021-жылдын 7-октябрындагы жеке арызынын жана шаардык Кеңешинин төрагасынын сунушунун негизинде мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан чыгарылып, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.

3. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (У.Суеркулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (С. Маматалиева).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси К.Камчиевге жүктөлсүн.

Төрага:

С.Назылбеков
