# Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 10 "Улуу Жеңиштин каармандарына арналган эстеликти оңдоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 10 "Улуу Жеңиштин каармандарына арналган эстеликти оңдоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/134342>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-10629/edition/1191222/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 10 "Улуу Жеңиштин каармандарына арналган эстеликти оңдоо жөнүндө" токтому (03.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/134342

---

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы 2021-жылдын 3-февралы № 10 Улуу Жеңиштин каармандарына арналган эстеликти оңдоо жөнүндө Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун каармандарына арналган эстеликти оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXХI сессиясы

Токтом кылат:

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун каармандарына арналган эстеликти оңдоп түзөөдөн өткөрүүгө, даярдалган долбоордо көрсөтүлгөн 2 303 812 (эки миллион үч жүз үч миң сегиз жүз он эки) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев
