# Курама айылдык кеңешинин 2022-жылдын 2-августундагы № 26 "Курама айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акысына айлык кошумча акы берүү социалдык жана турмуш-тиричилик маселелерин чечүү жана каржылык жардам төлөө үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Курама айылдык кеңешинин 2022-жылдын 2-августундагы № 26 "Курама айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акысына айлык кошумча акы берүү социалдык жана турмуш-тиричилик маселелерин чечүү жана каржылык жардам төлөө үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/134227>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/134227/edition/1190139/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/134227.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курама айылдык кеңешинин 2022-жылдын 2-августундагы № 26 "Курама айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акысына айлык кошумча акы берүү социалдык жана турмуш-тиричилик маселелерин чечүү жана каржылык жардам төлөө үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому (02.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/134227

---

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезектүү ХII сессиясынын 2022-жылдын 2-августу № 26 Курама айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акысына айлык кошумча акы берүү социалдык жана турмуш-тиричилик маселелерин чечүү жана каржылык жардам төлөө үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө Курама айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин айлык акысына үстөктөрдү жана үстөктөрдү белгилөө жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.К.Космосаалиевтин маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 42, 156,145,беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 Токтомунун 4 пунктуна ылайык, Курама айылдык кеңеш Токтом кылат:

1. Социалдык жана турмуш-тиричилик маселелерин чечүү үчүн материалдык жардам, айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерине ай сайын 5000 сом өлчөмүндө кошумча акы төлөп туруу белгиленсин.

2. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине 2022-жылдын экинчи жарым жылдан баштап ай сайын 5000 сомдон жергиликтүү бюджеттен кошумча айлык акы төлөнсүн.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кызматкерлеринин күнүнө карата Курама айыл өкмөтүнүн муниципа-лдык кызматкерлерине (анын ичинде А.Осмонов атындагы Маданият үйүнүн башкармасы - Т.Р. Исаевке, китепкананын жетекчтси - Г.С. Биримкуловага, ТЖК чарбасынынын жетекчиси- Р.Б.Жееналиевке )ар бирине 15 000 сомдон сыйлык берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айылдык кенештин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Д.М.Манамкуловко жана Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Н.М. Узакбаевке жүктөлсүн.

Төрага:

Р.Р.Мамбеталиев
