Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Курама айылдык кеңешинин «Курама айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акысына айлык кошумча акы берүү социалдык жана турмуш-тиричилик маселелерин чечүү жана каржылык жардам төлөө үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтому
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезектүү ХII сессиясынын 2022-жылдын 2-августу № 26 Курама айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акысына айлык кошумча акы берүү социалдык жана турмуш-тиричилик маселелерин чечүү жана каржылык жардам төлөө үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө Курама айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин айлык акысына үстөктөрдү жана үстөктөрдү белгилөө жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.К.Космосаалиевтин маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 42, 156,145,беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 Токтомунун 4 пунктуна ылайык, Курама айылдык кеңеш Токтом кылат:
1. Социалдык жана турмуш-тиричилик маселелерин чечүү үчүн материалдык жардам, айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерине ай сайын 5000 сом өлчөмүндө кошумча акы төлөп туруу белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине 2022-жылдын экинчи жарым жылдан баштап ай сайын 5000 сомдон жергиликтүү бюджеттен кошумча айлык акы төлөнсүн.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кызматкерлеринин күнүнө карата Курама айыл өкмөтүнүн муниципа-лдык кызматкерлерине (анын ичинде А.Осмонов атындагы Маданият үйүнүн башкармасы - Т.Р. Исаевке, китепкананын жетекчтси - Г.С. Биримкуловага, ТЖК чарбасынынын жетекчиси- Р.Б.Жееналиевке )ар бирине 15 000 сомдон сыйлык берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айылдык кенештин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Д.М.Манамкуловко жана Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Н.М. Узакбаевке жүктөлсүн.
Төрага:
Р.Р.Мамбеталиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Күчүн жоготкон