# КР 2003-жылдын 25-сентябрындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 25-сентябрындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1342>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1287/edition/719815/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1342.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2003-жылдын 25-сентябрындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1342

---

КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары 2003-жылдын 25-сентябры № 216

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

(КР 2008-жылдын 29-майындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1342/st-1)

(КР 2008-жылдын 29-майындагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1342/st-2)

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 9-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "өнүгүүнүн индикативдик планы-

нын" деген сөздөр "экономикалык прогнозунун" деген сөздөр менен ал- маштырылсын.

2. 40 - статьянын экинчи бөлүгүндө "көрсөткүчтөрүнүн" деген сөз

"прогноздорунун" деген сөз менен алмаштырылсын; "Кыргыз Республика- сынын индикативдик планында каралган" деген сөздөр алып салынсын.

3. 47-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "индикативдик пландын көрсөт-

күчтөрүнүн," деген сөздөр алып салынсын.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1342/st-3)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
