# Көк-Арт айылдык кеңешинин 2021-жылдын 9-августундагы № 1 "Көк-Арт айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын каттоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Арт айылдык кеңешинин 2021-жылдын 9-августундагы № 1 "Көк-Арт айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын каттоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/134192>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-10484/edition/1190383/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Арт айылдык кеңешинин 2021-жылдын 9-августундагы № 1 "Көк-Арт айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын каттоо жөнүндө" токтому (09.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/134192

---

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXV -сессиясы 2021-жылдын 9-августу № 1 Көк-Арт айыл аймагында Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын каттоо жөнүндө Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (КАИА) аткаруу комитетинин жетекчиси А.Жолдошованын маалыматын угуп жана талкуулап, 2005-жылдын 21-февралындагы №36 “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” КР Мыйзамын жана 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамын жетекчиликке алып, Көк-Арт айыл аймагында түзүлгөн Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясын айылдык кеңеште каттоо боюнча Көк-Арт айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 25-сессиясы, угуп жана талкуулап, токтом кылат:

1. Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясы (КАИА) айылдык кеңештен каттоодон өткөрүлсүн.

2. Аталган Токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине каттоо айылдык кеңештин жооптуу катчысы Г.Акпаралиевага жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Кудайбердиевке милдеттендирилсин.

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров
